Кызылагач дамбасынын курулушун быйылкы жылдын аягына чейин аяктоо көздөлүп жатат

Кызылагач дамбасынын курулушун быйылкы жылдын аягына чейин аяктоо көздөлүп жатат

Алматы облусунун Кызылагач дамбасынын курулушун быйылкы жылдын аягына чейин аяктоо көздөлүп жатат. Жумуштун бир бөлүгү аткарылды: жол менен элек зымдары тартылып, суу сактагычтын түбү тазартылды. Ошондой эле, суу таштала турган тоннель да казылды. Эми  дамбанын өзүн тургузуу иштери жүргүзүлөт. Адистердин айтымында, объекттин ишке кошулуусу аймак үчүн мультипликативдик таасирге ээ болот. Жергиликтүү эгин талааларынын аймагы жети эсе кеңейип, өндүрүш жогорулайт.

РАХЫМЖАН РАЗБАЕВ, «КАЗСУШАР» РМК АЛМАТЫ ОБЛУСТУК БӨЛҮМҮНҮН БАШКЫ ИНЖЕНЕРИ:

- Мурунку дамба топурактан тургузулган. Жаңы долбоордуку такыр башка, татаал. Анын түбүнө бетон куюлат. Дубалынын бийиктиги эки жарым метрге жакын болот. Ал таштан курулат. 930 миң куб метр аймакка таш төшөлөт. Мурун андай болгон эмес. Бул долбоордо дамба күчөтүлгөн. Мына, ошондуктан да анын мыкты болооруна ишеним чоң.

Дамбанын бийиктиги 55,5 метр, узундугу 310 метр болот. Бир жээгинен экинчи жээгине чейинки аралык - 300 метр. Объекттин курулушунун алкагында эки жүзгө жакын техника иштеп жатат. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен алты миллиард теңгеге жакын каражат бөлүнгөн.

Жалпы аймагы 337 гектарды ала турган суу сактагычтын сыйымдуулугу 42 миллион куб метр. Объект 7 миң гектар  эгин талааны суу менен камсыз кылат.

САУЛЕ АМИТОВА, КЫЗЫЛАГАЧ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АКИМИ:

- 163 чарбачылык бар. Суу болбогон соң негизинен мал чарбачылыгы менен алектенишет. Дамба ишке берилген соң эгин себүүгө мүмкүнчүлүктөр көбөйөт.

Суу сактагыч тапшырылып, жеткиликтүү көлөмдө суу жыйноо үчүн эки жылдай убакыт керек. Айланасындагы талааларда кант кызылчасын, соя жана короо өсүмдүктөрүн өстүрүү көздөлүп жатат.