Казакстандык окумуштуулар уникалдуу препарат чыгарышты

Казакстандык окумуштуулар уникалдуу препарат иштеп чыгышты. Ал апробациядан ийгиликтүү өтүп, клиникаларга жигердүү киргизилүүдө. Мындан сырткары кариестен ийгиликтүү дарылаган казакстандык иштеп чыгууну чет өлкөлүк тиш докторлору кубануу менен кабыл алышты. «Made in Kazakhstan» жазуусу бар имплантатты Орусия жана Казакстанга жеткирүү жолго салынган. Жакынкы арада тиштин эмалын калыбына келтирүүгө өбөлгө боло турган препарат, Европа жана Сауд Аравиясынын клиникаларынын текчелеринде пайда болот.

АСЕЛЬ БУЛЕНОВА, ПРЕПАРАТ ӨНДҮРҮҮЧҮ КОМПАНИЯНЫН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз бул белокту синтетикалык жол менен чыгардык. Бул адамдагы белок-амилогениндин анологу. Бул эмалды түзүүдө иштей турган негизги белок. Биздин препарат кариести дарылайт, эмалды калыбына келтирет. Баштапкы кариес – бул ак дакча, бир аз сары, бирок, тешик эмес. Башкача айтканда, кариести баштапкы этабында, эмалды калыбына келтирүү менен дарылайт.

Бүгүнкү күндө аталган дарыны 50 казакстандык клиника сатып алды. Ойлоп табуучулардын айтымында, бул дары заманбап медицинанын кагидасына жооп берет. Башкача айтканда, ооруну баштапкы этабында токтото алат.

АСКАТ ОСПАНОВ, ДАРЫГЕР, ТИШ ДОКТУР:

- Менин милдетим кариести токтотуу жана анын өрчүп кетишине жол бербөө. Препарат инодентин биз 1,5 ай мурда гана колдоно баштадык. Менде болгону 2 бейтап болгон. Эч нерсени казуунун кереги жок. Эч кандай анестезия зарыл эмес. Болгону өспүрүм менен сүйлөшүп олтуруп, тиштерге сүйкөө гана керек.

Казакстандык өндүрүш үчүн атайын чийки зат Швейцарияда жасалат. Бул жерде болгону материал оролот. Технологиялык өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин гранттык каржылоосунун негизинде өндүрүштүн көлөмүн 2 эсе өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

АСЕЛЬ БУЛЕНОВА,  ПРЕПАРАТ ӨНДҮРҮҮЧҮ КОМПАНИЯНЫН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Мурда биз колубуз менен таңгактачубуз. Тазартылган жагдайларда. Бирок, мындай ыкма менен чогултууга абдан көп убакыт кетет. Албетте, өндүрүштүн көлөмү да аз болот. Биз 60 млн грант алдык. Ушул мезгилге чейин жылына 100-150 миң флакон чыкса, бул көрсөткүч 350-400 миң флаконго чейин өстү.

Казакстандык өндүрүштү жеткирүү боюнча Украина  жана Орусиянын 30 клиникасы менен келишим түзүлдү. Жакынкы арада ата мекендик өндүрүш Европа жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине жеткирилет.