Бардык мусулман коомчулугунун улуу майрамы Курман айт башталды

Бардык мусулман коомчулугунун улуу майрамы Курман айт башталды. Быйыл бул маараке баш оонанын 21ине туура келди.  Ал таң эрте айт намазын окуган күндөн баштап 3 күнгө уланат. Адамзаттын тилеги кабыл, маанайы ачык болгон майрамда курмандык чалуу важип катары саналат. Курмандык малын майрамдын алгачкы күнү айт намазынан кийин, айттын үчүнчү күнү күн батканга чейин чалууга болот.

СЕРИКБАЙ АЖЫ ОРАЗ, КАЗАКСТАН МУСУЛМАНДАР ДИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ, БАШКЫ МУФТИЙ:

- Курмандык чалуу кимдерге важип болот? Биринчи, мусулман болуусу, экинчи, сапарда эмес, туруктуу бир орунда болгон жана үчүнчү,  алгачкы зекеттин талабы боюнча 85 грамм алтындын өлчөмүндө өзүндө  жеке каражаты же дүнүйөсү болуусу керек.  Курмандыкка кандай мал союлат? Ал биздин элибиздин төрт түлүк малы. Тактап айтканда, кой, эчки, уй жана төө союлат.

Эң башкысы, Алла жолунда чалына турган курмандыктын эч бир жеринде кемчилиги болбошу керек. Курмандыкка союлган этти үчкө бөлүп таратуу абзел. Бир бөлүгү өзүнө, экинчи бөлүгү туугандарга, кошуналарга, үчүнчү бөлүгү жардамга муктаж адамдарга таратылат.

СЕРИКБАЙ АЖЫ ОРАЗ, КАЗАКСТАН МУСУЛМАНДАР ДИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ, БАШКЫ МУФТИЙ:

- Курман айт 3 күнгө созулат. Айт намазын окуп бүткөндөн кийин туугандарды, жоро-жолдошторду, өзүнө өтө жакын болгон, сыйлаган адамдарга барып зыярат кылып, ак дасторкон жайылып, ак ниети менен адамдардын баарына, айт кабыл болсун дегендерге өзүнүн тамак-ашын сунуп, урмат көрсөтөт.

Бардык дүйнө мусулмандары ушул убакыттарда ажылык милдеттерин аткарып жатышат. Быйыл 3 миңден ашуун казакстандык Мекке, Мединага барып, ажылык парыздарын аткарышты.