«Бир кур – бир жол»: Республикалык эссе сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү

Казакстан менен Кытай эки жактуу байланышты бекемдөөдө. «Нурлуу жол» жана «Бир кур – бир жол»  программаларынын айкалышуусунун аркасында экономиканын ар тармактары боюнча байланыш орнотууга мүмкүнчүлүк болуп жатат. Мунун натыйжасын 2 өлкө эле эмес, бардык аймак мамлекеттери да сезүүдө. Серепчилердин айтымында, Казакстан аркылуу Европага жүк ташуу көлөмүнүн өсүшү Борбор Азия өлкөлөрүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат. Ири кытайлык долбоордун келечеги жана эки өлкөнүн ич ара байланышы «Бир кур – бир жол» демилгесинин 5 жылдыгына арналган иш-чарда сөз болду. Жыйындын алкагында республикалык эссе сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи да өттү.

ЛЮ ЦЗЯНПИН, КАЗАКСТАНДАГЫ КЫТАЙ ЭЛЧИЛИГИНИН УБАКТЫЛУУ ИШЕНИМДҮҮ ӨКҮЛҮ:

- Акыркы 5 жылда биз болжол менен 11 долбоорду ишке ашырдык. Бул жогорку көрсөткүч деп айтсак болот. Айрыкча, индустриялаштыруу жана инвестиция тармактарындагы өнөктөштүгүбүздү белгилеп кетээр элем. Бул багытта жалпы суммасы 27 млрд АКШ доллар болгон 51 долбоор колго алынды. Анын алкагында мунай менен газды кайра иштете турган завод курдук. Күлботону кайра иштете турган завод да ачылды. Автоунаа өндүрүшү менен алектенген завод ишке кирди. Кытай менен Казакстан ар тараптан стратегиялык өнөктөш. Ошондуктан кызматташтыгы ар түрдүү тармактарды камтыйт.

Сынакка Казакстандын булуң-бурчунан 60 мыкты эмгек тандалып алынган. Тема көп тармакты камтыйт. Тарыхтан баштап эки өлкөнүн достугу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнө арналган илимий изилдөөлөр да бар.

ОЛЖАС БЕЙСЕНБАЕВ, КЫТАЙ ТААНУУЧУ, СЫНАК ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Бул сынак менин диссертациямдын темасы менен бирдей. Эмгегим «Бир кур - бир жол» демилгесине арналган. Бир жыл бою ушул изилдөө менен алектендим. Санариптүү Жибек жол темасын изилдөөгө маани берип жатам. Бул долбоордун көптөгөн багыттары бар. Жибек жолу, Аба Жибек жолу, популярдуу Жибек жолу, космостогу Жибек жолу сыяктуу багыттарын атап өтүүгө болот. Акыркысы спутниктин жардамы менен аалам боюнча маалымат алмашуу, ушул тармактагы адистерди даярдоо.