Алакөлдөгү туризмди өнүктүрүү

Алакөл тартылуу борбору. Жыл сайын туздуу көл өзүнө көп сандаган туристтерди тартып жатат. Жалпылап айтканда, ушул жылы жай мезгилинин башынан тарта көлдүн жээгине бир миллиондон ашуун адам келип-кеткен. Саякатчылардын Алакөлдүн таза суулары эле эмес, анын дарылык касиети да кызыктырып келет.

ШАРБАТ ОСПАНОВА, ДАРЫГЕР:

- Бул суунун курамында хлор, бром жана родон бар. Алар тери жана ревматоиддик артрит ооруларынан арылтууга абдан мыкты таасир берет.

Бүгүнкү күндө аталган аймакта инфраструктураны өнүктүрүү иштери жүрүп жатат. Эскерте кетсек, Өлкө башчысы бир канча жолу Алакөл Казакстандагы эл эң көп барган аймак болушу керектигин белгилеген. Азыркы тапта бул жерде 200дөн ашуун конок үйү, санаторийлер жана эс алуу базалары бар. Артыкчылык катары транспорттук жеткиликтүүлүк каралат. 2020-жылга чейин автоунаа магистралын бүтүрүү көздөлүүдө.

ГАЛЫМУРАТ ЖУКЕЛ, АЛМАТЫ ОБЛУСУНУН АКИМИНИН ПРЕСС-КАТЧЫСЫ:

- Бүгүнкү күндө бөдрөтчүлөр белгилүү. Унаа жол 2 тилкеге бөлүнөт. Аталган жолду башынан аягына чейин бөтрөтчү мекеме өзү ишке ашырат. Бул долбоор мамлекеттик экспертизага кирет. 3-баскычында алар курулушту баштайт. Курулуш иштери 2 жылга созулат.

Эскерте кетсек, туристтердин ыңгайлуулугу үчүн Үчаралда аба майдан жана жаңы темир жол маршруттары ишке берилди. Курорттук аймактын келечеги чоң. Серепчилердин айтымында, Алакөл бир мезгилде 2 миллионго чейин адамды кабыл ала алат.