Кышкы туризм: Мырзачоку лыжа базасы

Иртыш аймагынын ыйык өлкөсү – Баянауыл району туристтик картанын курамында. Бул тизмеге кең Казакстандын 10 туристтик борбору кирген. Эс алуучуларды Баянауыл өзүнүн ажайып тоо-таштары жана таза суу-көлдөрү менен тартат. Акыркы жылдары ыйык жерде экологиялык, таанып-билүүчүлүк жана спорттук туризм жигердүү өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө  улуттук парк аймагындагы табигый эстеликтерди тааныштыра турган 20га жакын маршрут бар.

САКТАЙ КЕШУБАЕВА, ТУРИСТ:

- Абдан жагат. Жакшы эс алдык, кышы бою оорубайбыз. Барыбыз - улуу муундун өкүлдөрүбүз. Муун оорулары, артроз, остеартроз деген оорулардын баарына шыпаа болот.

Касиеттүү Баянауыл чөлкөмүнүн өздүк табиятын көрүүгө келгендердин катары жыл сайын 200 миң адамдан ашат. Алдыдагы максат - бул көрсөткүчтү бир нече эсеге көтөрүү. Азыркы тапта бул багытта бир катар стратегиялык долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын бири - Баян чөлкөмүнө туристтерди жайда эле эмес, кыш мезгилинде да тартуу. Эс алуучуларды кыш мезгилинде  Мырзачоку лыжа базасы тартып турат. Деңиз деңгээлинен 800 метр бийиктикте жайгашкан тоо, спорт объектисин ачууга ыңгайлуу. Асма жолдун курулушуна жергиликтүү ишкерлер 300 млн теңге бөлгөн. Бүгүнкү күндө узундугу 1 чакырым  боло турган асма жол менен 11 чакырымдык лыжа трассасы салынып жатат.

ЗЕЙНОЛЛА ТАЛИПОВ, БАЯНАУЫЛ РАЙОНДУК СПОРТ ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА ТУРИЗМ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Лыжаларды ижарага берүү, медициналык кызмат көрсөтүү пункттары жана ашкананын курулушу жүрүп жатат. Бул жумуштарга облустук бюджеттен 28 млн 500 миң теңге бөлүнгөн.

Баянаул аймагында кийинки жылы аба майдан ишке берилет. Долбоордун наркы - 240 млн теңге. Курорттук аймакка алып бара турган туруктуу ички рейстер мамлекет тарабынан субсидияланат. Чакан аэродром аркылуу Астана, Алматы, Караганда жана Павлодар шаарлары менен аба жолдору ачылат. Мамлекет тарабынан колдоого алынган. Ушундай жагдайда курорттук аймак эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат.