Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү

Казакстан туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Чет өлкөлүк туристтердин арасында Казакстанга болгон кызыгуу өсүп жатат. 2018-жылы Казакстанга келген саякатчылардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Статистика комитетинин маалыматы боюнча, Казакстанга ушул жылдын биринчи кварталында 1 миллион 800 миң саякатчы келген. Белгилей кетсек, Казакстандын бардык аймактары туристтик мүмкүнчүлүктөргө ээ.

АНДРЕЙ ЩЕТИНИН, АВТОТУРИСТ:

- Чыгыш Казакстан – бул өлкөбүздүн эң уникалдуу жайы. Бизде асман тиреген бийик тоолор, кар баскан чокулар, ири дарыя-көлдөр, суу сактагычтар, кум жээктер бар. Керек болсо таң эрте суу сактагычтын кумдуу жээгинде сууга түшүп, түштөн кийин кар баскан чокуга чыгууга болот.

Чыгыш Казакстанда экологиялык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк мол болсо, Алматы облусу этнотуризмге басым кылат. Жетисуу аймагына конокторду тартуу максатында туристтерге казакча эс алуу түрүн сунуштайт. Бүгүнкү күндө белгилүү курорттордун бири Иле Ала тоонун этегинде көчмөндөр айылын куруп, казактардын байыркы турмуш-тиричилигинен кабар бере турган  турпакет түзүлгөн. Бул жерде туристтер боз үйдө жашап, улуттук тамактардан даам сыза алышат. Ал эми байыркы көчмөндөр жашоосун  терең билгиси келгендер үчүн табияты кооз жерлерге саякат түрү сунушталат. Туристтерге тажрыйбалуу нускоочу жардам берет. Белгилей кетсек, саякатчылар казакстандык туристтик  компаниялардын көрсөткөн кызматтарына ыраазы.

МАДИНА ХИБАСОВА, ТУРИСТ:

- Аймагы абдан кең экен. Абасы да таза. Тоо боорлорунда балдарың менен эс алганга эмне жетсин. Балдарга да абдан жагат. Бул жакка дагы бир жолу сөзсүз келем.

Маңгыстау облусу да туристтерди көп санда тартууга болгон күч-аракеттерин жумшап жатат. 2023-жылга чейин аймактын туризм тармагына 20 млрд теңге инвестиция тартуу көздөлүүдө. 5 жыл ичинде Актау жээктеринде 32 жаңы конок үйү менен эс алуу базаларын салуу пландалган. Ошондой эле, кум жээктердин инженердик ифраструктурасын өрчүтүүгө 5,5 млрд теңге каражат мамлекет тарабынан бөлүнөт. Бул туризмдин жалпы аймактык өнүмдөгү үлүшүн 2023-жылга карай алдыңкы бир пайыз көрсөткүчтөн 4 пайызга жогорулатууга, ал эми келе турган туристтердин санын 3 эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.