Казакстандын бренддери тууралуу китеп жарыкка чыкты

Казакстандын бренддери тууралуу китеп жарыкка чыкты. Бул орус жана англис тилдериндеги экинчи басылма. Ал жерде экономиканын ар түрдүү тармактарындагы жетекчи ата мекендик компаниялар тууралуу жазылган. Өлкөнүн чакан жана орто бизнес өкүлдөрү жөнүндө маалыматтар камтылган. Авторлордун айтымында, басылма казакстандык бренддерди дүйнөгө таанытууга жол ачат. Китеп Казакстан, Орусия, Беларусия жана башка да өлкөлөрдүн министрлик, мекеме жана китепканаларына берилет. Ошондой эле чет өлкөлөрдөгү Казакстан элчиликтери менен соода-өнөр жай палаталарына таратылат.

АЛИМЖАН  ТОКТАСЫНОВ, КР ИНВЕСТИЦИЯЛАР ЖАНА ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Азыркы тапта ири транс улуттук компаниялар Казакстанга көп келип жатышат. Алар чийки зат гана экспорттоп койбостон, даяр өндүрүштөрдү да алышат. Жыл сайын мындай товарлардын тизмеси  көбөйүп жатат. Бул китеп эң алгач, ири бизнес менен өз ишин жаңы баштагандарды бириктирди.  Ошондуктан жаш ишкерлерге колдоо көрсөтүү эле эмес, товарларыбыз менен өндүрүштөрүбүздү экпорттоого да керек деп ойлойм.