Коло дооруна саякат

Костанай облусунун Лисаковск шаарында байыркы технологиялар менен маданий коммуникациялардын I эл аралык фестивалы өттү. Ал жерде коло доорундагы адамдардын турмуш-тиричилигинде колдонулган буюмдары көпчүлүктүн назарына сунушталды. Коло доорундагы уруулардын көптөгөн турактары менен эстеликтери ушул аймактан табылган. Отуз жыл мурун башталган казуу иштери  азыркыга чейин уланып келет.

ШЫНАР ЕРМАГАНБЕТОВА, ЛИСАКОВ ЖОГОРКУ ТОБЫЛ ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЯТ МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- Курдагы алтын биздин алтынга окшобойт. Бул башка жерден, башка өлкөдөн алып келинген зат. Ошондуктан бул буюмдарга карап айта турган болсок, албетте өлкөлөрдүн ортосунда соода байланышы болгон.

ЭММА УСМАНОВА, ЛИСАКОВСК АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Лисаковск сыяктуу кичинекей шаар үчүн ушундай музейдин болгону жакшы көрүнүш. Экинчиден, мындай иш-чаралардын туризм багыттагы мааниси жогору. Илимий агартуучулук жана туристтик мааниси бар.

Коло доорундагы уруулардын күнгө сыйынуу жөрөлгөсү. Темир иштеткен, өндүрүштү өздөштүрүп, эгин эгип, дыйканчылыкты үйрөнө баштаган байыркы адамдардын күнгө, отко сыйынуусу түшүнүктүү жагдай, дейт изилдөөчүлөр.

Дал ошол 4 миң жыл мурун коло доорунда колдонулган меш.Үйлөгүч менен үйлөгөн кезде ысыктыгы 1500 градуска чейин жеткен. Ушул меште колону ээритүү аркылуу, аны калыпка куюп, жебенин учун жана башка курал-жарактарды жасашкан.

Фестивалда токума кездеменин кандай даярдалгандыгы иш жүзүндө көрсөтүлдү. Көпчүлүккө белгисиз болгон, илгертен келе жаткан ырым-жырымдар да айтылды.

АЙМАН КАДЫРХАНОВА, ЛИСАКОВ ЖОГОРКУ ТОБЫЛ ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЯТ МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Негизи кийиз жасаганда көп сүйлөгөн келиндер кошулчу эмес. Себеби, жанагы тили узун келин болсо, кийиз жасалган кезде бир чети узун болуп калат дешкен.

Ачык асман алдында өткөн тарыхый иш-чарага келгендер ошол кездеги кийимдерди кийип, куралдарды колго алып көрүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Уюштуруучулар ушундай фестивалды салттуу түрдө өткөрүп турууну көздөшүүдө.