КР Маданият жана спорт министрлиги Топ-10гө кире турган туристтик жерлерди жарыяларды

Казакстанга келе турган туристтерди өзүнө тартып турган объекттер белгилүү болду. Өлкөнүн маданият жана спорт министрлиги Топ-10 менен Топ-50гө кире турган туристтик жерлерди жарыяларды. Министрликтин өкүлдөрүнүн айтымында, тизмеге улуттук парктар, курорттук аймактар, табигый суу булактары, тоо лыжа базалары, билим, медициналык жана Казакстандын маданий-тарыхый жерлери кирген.

ЖАЛГАС БАЛГОЖИН, КР МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРЛИК ДЕПАРТАМЕНТИНИН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул долбоордун ар бири маанилүү. Азыркы тапта туристификация картасы даярдалган. Ага республикалык топ-10 жана жергиликтүү мааниге ээ топ-50 долбоору кирди.  Бул мыкты ондук долбоору жеке менчик – мамлекеттик шериктештик аркылуу республикалык бюджеттен каржыланды деген сөз. Ал эми, топ-50гө жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, негизги ондукка: Балкаш жана Алакөл көлдөрүнүн жээктери, Шарын капчыгайы, Алматы аймагынын тоо кластери, байыркы Түркистан, Ащысор, Щучинск-Бурабай, Чалкар Имантау, Баянауыл курорттук аймагы менен «Көчмөндөр тарыхы» борбору кирген. Ал эми алдыңкы элүүгө кирген объекттер өлкөнүн булуң-бурчунда жайгашкан. Алардын сегизи башкы шаардан орун алган.

ЖАЛГАС БАЛГОЖИН, КР МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРЛИК ДЕПАРТАМЕНТИНИН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Астана конгресс жана ишкердик туризм борбору катары белгилүү болууда. Бирок, буга карабастан борборду Казакстандын маданий борбору катары караштырганыбыз жөндүү. Топ-10 жана Топ-50дөгү объекттердин көбү жаңы. Башкача айтканда, алардын курулушунда жаңы багыттагы чечимдер колдонулган.

Адистердин айтымында, Казакстан дүйнөнүн туристтик картасында туруктуу орунду ээлеп келүүдө.    Бул өлкөдө эл аралык туристтер агымын арттырууга мүмкүнчүлүк жеткиликтүү экендигин далилдейт. Казакстанжын чет өлкөлүк саякатчыларга сунуштай турганы көп. Анткени Казакстан тарыхый, бай, заманбап архитектуралык имараттары, ден соолукту чыңдоо жайлары менен эле эмес, өзгөчө табияты жана этно туризми менен кызыктуу. Мындан тышкары серепчилер медициналык туризм көрсөткүчү да жогорулайт деп айтышууда.  Бул Казакстанда илим менен технологиялардын өнүгүп жатканынын ачык көрсөткүчү. Ошондуктан медициналык туризмдин келечеги чоң экени анык.

ЖАЛГАС БАЛГОЖИН, КР МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРЛИК ДЕПАРТАМЕНТИНИН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Медициналык туризм – бул жаңы багыт. Азыр жетинин айынын тогузу-ондорунда Петропавл шаарында өтө турган форумга даярдык  иштери жүрүп жатат. Анын алкагында биз алгачкы жолу медициналык туризмге өзгөчө көңүл бурабыз. Жыйынга биздин ири медициналык борборлор жана президенттин иш башкармалыгынын өкүлдөрү катышат. Медициналык кластер экономиканын өз алдынча бөлөк тармак катары караштырылат. Ошондой эле медициналык туризмге арналган экспозиция өтөт.

Алдыдагы 5 жылда туризм индустриясы Казакстан экономикасынын негизги багытына айланууга тийиш. 2023-жылга чейин тармактын ИДӨ көрсөткүчүндөгү үлүшү 8 пайызга жетет. Бул үчүн өлкөдө бардык шарттар жасалууда. Тарыхый объекттер калыбына келтирилип, инфраструктура жаңыртылып жатат. Ушуга кошо, багыттар желесин түзүүгө маани берилген. Жаңы объекттер ачылып, кызмат көрсөтүү тармагы жакшыртылууда.