«Хабар» Агенттиги менен KBS ортосундагы байланыш - Kazakh TV

«Хабар» Агенттиги эл аралык кызматташтыкка өзгөчө маани берип келет. Жакында башкармалыктын төрагасы Алан Ажибаев Сеулда «KBS» телерадиокорпорациясы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду. 12 телеканал жана 7 радиостанциядан турган кореялык агентикте 5 миңден ашуун адис кызмат кылат. «Хабар» жана «KBS»  ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан 4 жыл мурун, Азия-Тынч океан аймагы өлкөлөрүнө кабар таратуу биримдигинин алкагында башталган. Эки жактуу документке кол коюлгандан кийин ортодогу байланыш да бекемдей түштү. Ушундай кырдаалда Алан Ажибаев өзүнүн түштүк кореялык кесиптеши Ян Сын Дон менен контент бөлүшүү, «Хабар» Агенттигинин теле өндүрүштөрүн Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө сунуштоо, ошондой эле, жалпы өндүрүш жана тажрыйба алмашуу тууралуу маектешти.

ДИНАРА АБАКАЕВА, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ» АК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- «Хабар» Агенттиги Азия-Тынч океан аймактык өлкөлөрүнүн кабар таратуу биримдигине толук кандуу мүчө болду. Аны менен катар, акимчилик кеңешинин курамына да кирет. Меморандум Казакстан менен Түштүк Корея телеканалдарынын ортосундагы байланышты бекемдейт. Бул жерде биздин көздөгөнүбүз – ата мекендик контентти Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн телекөрүүчүлөрүнө тартуулоо.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии