EXPO долбоорлору иш жүзүндө - Kazakh TV

ЕХРО-2017 көргөзмөсүндө тааныштырылган 105 чет өлкөлүк жана 28 казакстандык технология тандалып, иш жүзүнө ашырылат. Алардын ишмердүүлүгү экологияны коргоого, ресурстарды үнөмдөөгө, эффективдүү пайдаланууга багытталып, мунай, газ, көмүр өнөр жай, электр энергиясы, экология тармактарын камтыйт. Бул тууралуу Энергетика министри Канат Бозымбаев маалымдады. Чыныгы иш жүзүнө ашырыла турган долбоорлордун тизмеси улуттук компаниялар менен аймак башчыларына жиберилген. Азыркы тапта жергиликтүү аткаруучу органдар – 40, ал эми жеке компаниялар 15  технологияны өндүрүшкө киргизүүнү көздөп жатышат.

КАНАТ БОЗЫМБАЕВ, КР ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИ:

- Көмүр өнөр жай багыты боюнча 3 технология тандалды. Ал технологиялар 2019-20–жылдары киргизилет. Экология багыты боюнча акимдер менен компаниялар ата мекендик жана өнөр жай акма сууларын тазартуу, аба сапатын көзөмөлдөө жана калдыктарын башкаруу тармагындагы 31 технологияны тандап алышты. Акимдер менен компаниялар ушул технологияларды бекитилген жол карталарын киргизүү боюнча жигердүү иш жасап жатышат.

Министрдин айтымында, азыркы убакытта 16 долбоор ийгиликтүү ишке ашкан. Алар акимдер тарабынан ишке ашырылып жатат. Казакстан үчүн кызыктуу деп таанылган илимий жаңычылыктардын арасында америкалык гидравликалык түзмөктөр, немистин шамал станциялары, кытайдын күн аккумуляторлору сыяктуу долбоорлору бар. Казакстандык окумуштуулардын ойлоп тапкандары жана технологиялары да ишке ашырылууда.

КАНАТ БОЗЫМБАЕВ, КР ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИ:

- Окумуштуу Алимгазинин ГЭС М-62 долбоору Костанай облусунун Аулиекөл районунда күн энергиясынын эсебинен сууну жылытуу үчүн колдонулуп жатат. Мындан башка бул технология 2018-жылы Павлодар жана Алматы облустарынын акимчиликтери тарабынан киргизилген. Окумуштуу Болотовдун шамал ротордук турбина долбоору Костанай аймагында ишке ашырылып жатат. Үчүнчү окумуштуу Жылкашинованын ЭКСПО көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн кубаты 500 кВт тоскоолдуксуз эффективдүү чакан суу электр станциясы долбоору Чыгыш Казакстан облусунда Риддер шаарында Кедровка дарыясында ишке ашырылган.

Астанадагы ЕХРО көргөзмөсү «Келечек энергиясы» урааны менен өткөн. Ири иш-чара өлкөдө «жашыл» технологиялардын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизди. Аталган тармакка чет өлкөлүк инвестиция көлөмү өсүп, ири долбоорлор ишке ашты. Ерейментау шамал паркы, Маңгыстау облусунун Мунайлы районундагы ири күн станциясы, «Арнасай» «жашыл» айылы алардын бир бөлүгү гана. Быйыл Казакстанда биринчи жолу кайра жанма энергия булактарынан алына турган энергия аукциону өткөрүлдү. Маңгыстау жана Акмола облустарында чет өлкөлүк инвесторлордун каржылоосу менен ири шамал станциялары салына турган болду. ЕХРО шаарчасында курулган Эл аралык Жашыл технологиялар жана инвестициялык долбоорлор борбору жаңы идеялар ишке аша турган инновациялык аянтка айланат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии