Жуңгар Алатоо жана Шарын ЮНЕСКО тизмесине кирди

Казакстандын Алматы облусундагы Шарын капчыгайы жана Жуңгар Алатоо улуттук табигый паркы ЮНЕСКОнун эл аралык биосфералык резерваттар тизмесине кирди. Коруктар өздөрүнүн уникалдуу флорасы, фаунасы, кайталангыс ландшафты, өзгөчө эко жана гео системалары менен белгилүү. Мисалы, Шарын капчыгайы тоолуулугу жана көлдөрү менен өзгөчө. Ал эми Жетису Алатоонун тоо боорлорунун кыркаларын окумуштуулар алма түрлөрүнүн атасы катары эсептешет. Белгилей кетсек, ушул жерде Сиверс алмасы өсөт. Ал деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте өсүп мөмөлөйт. Мындай биорезерваттын курулушу жапайы алма түрлөрүнүн генофонун коргоого жана көбөйтүүгө түрткү берет. Жыл сайын тоо боорлорунда 43 миң түпкө чейин Сиверс алмасы отургузулат.

ТИМУР АУБАКИРОВ, ЖУҢГАР АЛАТОО ТАБИГЫЙ ПАРК ПИТОМНИГИНИН ЧЕБЕРИ:

- Биз Сиверс алмасын тоо боорлорунан жыйнайбыз. Аны менен катар, уруктарын тоолор жана токойлорго отургузуп, өндүрөбүз.

Улуттук парк кызыл китепке кирген жаныбарлар жана сейрек кездешкен өсүмдүктөрдүн саны менен да уникалдуу. Ошондой эле,  коруктун алдында питомник да иштейт. Бул жерде 20га жакын кылкандуу жана жалбырактуу жыгач түрлөрү өстүрүлөт.

НУРБОЛАТ НОГАЙБЕКОВ, ЖУҢГАР АЛАТОО ТАБИГЫЙ ПАРКЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Сиверс алмасын коргоо максатында жардам көрсөтүлүүсү мүмкүн. Экинчи топтогу мекеме элек. ЮНЕСКОго киргенден кийин биз биринчи топко кирип, биздин адистерибиздин айлык акысы көбөйөт деп ойлойбуз.

Жуңгар Алатоо улуттук паркынын жалпы аймагы 350 миң гектардан ашуун жерди ээлейт. Жыл сайын саякатчылардын арасында таанымалдуулугу өсүп, суроо-талапка ээ жайлардын бири болуп жатат. Бул жерде 11 туристтик багыт сунушталат. Сезондун башынан баштап корукка миңден ашуун конок келип-кеткен.

АЙГЕРИМ КЕҢЕС, ЭС АЛУУЧУ:

- Жылда ушул жерге келип эс алабыз. Өзүңүздөр көрүп жаткандай табияты эң сонун. Абасы таза. Парктын уникалдуу фаунасы кызыктырат. Бул жерде өсө турган дан куурайды жыйнайбыз. Аны менен катар бул жерде тазалык сакталып турат.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун эл аралык биосфералык резерваттар дүйнөлүк мурастар тизмесине Казакстандын 10 коругу кирген.