11 жаштагы кичинекей жомокчунун алгачкы китеби жарык көрдү

Кызылордолук Алтынай Берик бүгүнкү күндө 50дөн ашуун жомоктун автору. 6-класска көчкөн кыздын жакында алгачкы китеби жарык көрдү. 7 жашынан бери жомок жазып баштаган жаш талант ыр жана аңгемелерди да жазат. Өз жомокторун баштаардан мурун ал ойлорун сүрөткө түшүрүп алат. Жаныбарлардын кыймыл аракети аркылуу достук, кайрымдуулук сыяктуу касиеттерди жеткирет.

АЛТЫНАЙ БЕРИК, ЖАЗУУЧУ:

- Менин көптөгөн досум китеп окубайт деп айта албайм. Бирок, алар китеп, гезит-журнал окугандан көрө интернетке киргенди жакшы көрүшөт деп ойлойм. Ошондуктан мен ар дайым досторумду китеп окууга чакырам.

Кичинекей жомокчунун жарык көргон алгачкы 62 беттик жыйнагына 32 жомок, 13 ыр жана он чакты аңгеме кирген. Азыркы тапта жаш таланттын 2-китеби катталып жатат. Республикалык басмаканалар Алтынайдын жаңы чыгармаларын чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Жаш жазуучунун жөндөмдүүлүгүн байкаган өнөр таануучу, адабий сынчылар бул чыгармалардын балдар адабиятында орду өзгөчө экенин белгилешет.

БЕКЖАН МАХАМБЕТОВ,  ӨНӨР ТААНУУЧУ:

- 11 жаштагы бала 2 китеп жазды дегенине мен таң калып жатам. Мен мындайды биринчи жолу көрүп жатам. Бул деген зор байлык. Миң нуска аз, 10 миң даана чыгаруу керек. Ар бир үй-бүлөгө ушул китеп керек. Кооздугу, көркөмдүгү, түрдүү түстүүлүгү, жасалгасы өтө жогорку деңгээлде даярдалган китеп экен.

Белгилей кетсек, өз жашына карабастан Алтынай Берик 50дөн ашуун адабий сыйлыктын ээси. Жаш талант өзү белгилеп өткөндөй, ал азыркы жетишкендиктери менен токтоп калбайт. Ал өз чыгармалары менен окурмандарды кубандыра бермекчи. Анын жаза турган эмгектери көп.