Сыр жээгинде чарбачылыктар күн панелдерин пайдаланууга өтө баштады

Жайыт жерлерди эффективдүү өнүктүрүүдө кайра жанма энергия булактарынын пайдасы мол. Бул нерсени Сыр жээгинде чарбачылыктар иш жүзүндө далилдеп жатышат. Чабандар айрыкча жер астынан суу чыгарууга жана турмуштук зарылчылыктар үчүн күн панелдерин пайдаланууга өтө баштаган. Эми алар ток булактарын күнү бою колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуп жатышат.

НЫШАНБЕК МОЛДАШЕВ, ЧАРБАЧЫЛЫКТЫН ТӨРАГАСЫ:

- Бүгүнкү күндө 10 кыймылсыз турак үйгө, 5 көчмө чарбачылык вагондоруна койдук. Чабандар каалаган жерине барып, кудукка матор салып пайдалана беришет.

Эң башкысы – жашыл экономика багытын карманган чарбачылыктарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө. Азыркы тапта чарбачылыктардын 80 пайызга чейинки чыгымы республикалык фонддон субсидияланып жатат.

ПИРМУХАМЕД СЫЗДЫКОВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Жайыт жерлерди өнүктүрүү үчүн ушул кудуктарды, скважиналарды казууга жана алардын күн панелдери, көчмө вагондоруна 80 пайыздай субсидия төлөнүп келе жатат. Быйыл эле 67 кудук казылууда. Анын эсебинен бизде азыр 100 миң гектардай чабандык жерлер өрчүтүлүп жатат.

Өткөн жылы Сыр аймагында 35 чарбачылык альтернативдүү энергияны пайдалана баштаса, быйыл 56 ишкер өз чарбачылыктарына ушул технологияны киргизген.