«National Geograpic Qazaqstan» журналы Түндүк Казакстан облусу тууралуу атайын долбоор даярдап жатат - Kazakh TV

«National Geograpic Qazaqstan» журналы Түндүк Казакстан облусу тууралуу атайын долбоор даярдап жатат. Чөлкөм таануучулар, журналист жана сүрөтчүлөрдөн түзүлгөн экспедиция мүчөлөрү эки жуманын ичинде 1,5 миң чакырым жолду багындырып, 20дан ашуун тарыхый жайды кыдырууну көздөп жатышат. Саякатчылардын айтымында, фото жана видеокамера объективине дандуу аймактын руханий-маданий жайлары, кооз табияты менен кошо, аймактын белгилүү инсандары да сүрөткө түшүрүлөт. Ал эми эң мыкты сүрөттөр менен видеолор аймактын фотобанкына берилет.

АЛЬБЕРТО ДЕ МАУРО, ЭКСПЕДИЦИЯ МҮЧӨСҮ/ИТАЛИЯ:

- Казакстандын бул аймагына саякат жасоо мен үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Сиздердин өлкөңүздөрдө байыркы салт бүгүнкү күнгө чейин атадан-балага мурас катары сакталып келет. Барынан да мени облустун кооз табияты менен адамдары таң калтырды. Алар өтө жайдары жана адамгерчиликтүү. Көптөгөн өлкөдө болдум, бирок мындайды көп жолуктура бербейсиң.

 



Oкшош жаңылыктар

Комментарии