Суутек газынан отун өндүрүлүшү мүмкүн

Лабораториядан өндүрүшкө. Назарбаев Университетинин студенттери цианобактерияларынын жардамы менен мунай тазалоонун уникалдуу технологиясын даярдашты. Натыйжасында, биологдор таза «кара алтын» алышат. Жаш окумуштуулардын пикиринде, мындай мунайды кымбат баада чет өлкөгө чыгарууга болот. Ал эми мунайдан бөлүнгөн суутук менен күкүрттү отун катары пайдалануу толук мүмкүн.

ДАУЛЕТ АЙТЫМБАЕВ, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ:

- Биз бир органдын генин өзүбүздүн цианобактерияга кошууну чечтик. Бул ген күкүрттүү суутекти газ суутекке, ал эми күкүрттүн өзүн – таза күкүрткө бөлүүгө жооптуу. Башкача айтканда, бул суутекти кийин да башка максаттарга колдоно алабыз. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө автоунааларга, генераторлорго жана дагы башка максаттар үчүн күйүүчү май катары пайдаланышат. Бул мунайдын альтернативасы катары саналат.

АЙДАНА ТӨЛЕШОВА, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ:

- Биз бул бактерияларды модификациялайбыз. Башкача айтканда, трансформациядан өткөрөбүз. Бул үчүн ген кошобуз, акырында цианобактерияларды алабыз. Алар чийки мунайды сульфиддерден тазартууга жөндөмдүү.

Жаш окумуштуулардын пикиринде, алар ойлоп тапкан жаңы ыкма үнөмдүү жана экологиялык жактан таза. Биологдор долбоорго  чын куран айында киришишкен. Эми аны тогуздун айында толук аяктоону көздөп жатышат. Аны менен катар студенттер өздөрүнүн илимий эмгектерин АКШда өтө турган iGEM сынагында да сунушташат. Өткөн жылы «Назарбаев Университетинин» командасы бул жарышта алтын медалды багындырышкан. Быйыл да жаш биологдор дал ошол жеңишти кайталоону көздөшүүдө.

ДАУЛЕТ АЙТЫМБАЕВ, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ:

- Бул жарышка дүйнөнүн ар тарабынан 300дөн ашуун тайпа катышат. Сынак синтетикалык биология темасына арналат. Синтетикалык биология дегенибиз,бир органдын ДНКсын алып, башка органга жайгаштыруу. Аны менен катар бул ДНКны өзгөртүүгө болот.

Биологдор өздөрү даярдаган долбоорлорун өлкөдө тажрыйба жүзүндө колдонууга киргизүүнү көздөшүүдө. Бүгүнкү күндө жаш окумуштуулар бир нече мунай компаниялар менен байланышып, келишимдерди күтүп жатышат.