Казакстандын жоокерлери «АРМИ-2018» Эл аралык аскерий оюндарына катышты - Kazakh TV

Азербайжан, Армения, Беларуссия, Иран, Кытай, Орусия жана Казакстан өлкөлөрүндөгү 24 полигондо 32 мамлекеттин командалары ачык мейкиндикте, абада жана деңиздеги аскерий иш-аракеттер боюнча  чеберчиликтерин көрсөтүшүүдө. Бул IV «Арми-2018»  эл аралык аскерий оюндары. Эске салсак, жарыш теке айынын 28де башталган. Белгилей кетүүчү жагдай, бул жолу казакстандык жоокерлер 28 түрдүү жарыштын  он төртүнөн өз жөндөмдүүлүктөрүн сынашты. Алардын бардыгы көптөгөн тандоолордон өтүшкөн. Бир нече ай бою «Астана», «Түштүк», «Батыш», «Чыгыш» аймактык кол башчыларында куралдуу күчтөрдүн ар  кайсы түрлөрүнөн эң мыкты аскерлери аныкталган.

ЖАНАРГҮЛ АКБАЛАНОВА, СЕРЖАНТ:

- Аялдар комплекстүү машыгуулардан өтүштү, бир мүнөт ичинде денесин жерден көтөрүүгө жана пресс жасоого ар бирине 30 секунд убакыт берилди. Ошондой эле, гранатаны алыс аралыкка жана так ыргытуу боюнча жарыштык. Менин оюмча, биз жакшы натыйжага кол жетиштик, бирок, мындан да жакшы көрсөткүчкө аракет кылабыз.

Казакстандын аймагында Жамбыл облусундагы «Отар» аскерий базасында «Арми-2018» эл аралык аскерий оюндарынын алкагында «Артиллериялык өрт чеберлери», «Шумкар салуу» учкучсуз учуу аппараттарынын жана «Ишенимдүү кабыл алуу» аскери байланыш кызматтарынын жарыштары өткөрүлүп жатат. Оюндарга жалпы 12 мамлекеттен 18 команда, анын ичинде Азербайжан, Беларуссия, Венесуэла, Зимбабве, Иран, Кытай жана Сирия жоокерлери катышууда.

ФАКТ МАШОВЕ, ЗИМБАБВЕ КОМАНДАСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Жеңишке жетебиз деп үмүт кылабыз. Биздин команда жакшы даярданды. Бизде керек болсо артиллерияны шыктандыруучу урааныбыз бар. Бул биз үчүн оюн эмес, баа жеткис тажрыйба.

Эл аралык армия оюндары алгач ирет 2015-жылы Орусияда өткөрүлгөн. Жоокерлер жарыштарынын башкы максаты – катышуучу мамлекет командаларынын аскерлеринин 28 аскерий – практикалык багыттагы чеберчилиликтерин  көрсөтүп, ичиндеги эң мыктыларын аныктоо.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии