Казакстанда алгачкы жолу жасалма жүрөк донордук жүрөккө алмаштырылды

Казакстанда алгачкы жолу жасалма жүрөк донордук жүрөккө алмаштырылды. Бул операция кардиохирургиянын өнүгүшүн жаңы деңгээлге көтөрүүдө. Азыркы убакытта бейтаптын жагдайы жакшы, дешет дарыгерлер. Ал адаттагыдай тамактанып, сыналгы көрүп, туугандары менен сүйлөшөт. Ошентсе да, адистердин айтымында, азыр ал жандандыруу  бөлүмүндө дарыгердин көзөмөлүндө болууга тийиш.

ЮРИЙ ПЯ, «УЛУТТУК ИЛИМИЙ КАРДИОХИРУРГИЯ БОРБОРУ» АК ТӨРАГАСЫ:

- 9 ай мурун бул бейтапка донордук жүрөк трансплантациялоо операциясын жасоо мүмкүн эмес эле. Жасалма жүрөк орнотулгандан кийин анын башка да органдарынын жумушу жакшырып, артериялык кан басымы калыбына келди. 3 айдан кийин биз донордук жүрөк издештире баштадык. Мындай операция дүйнө жүзү боюнча Казакстанда биринчи жолу жасалып, ийгиликтүү аяктаганына өтө кубанычтамын.

СARMAT толук жасалма жүрөктү изилдей турган эл аралык клиникалык изилдөөлөргө Улуттук кардиохирургия борбору да кирип жатат. Бул терминалду жүрөк жетишсиздиги бар бейтаптын жүрөгүн алмаштыра турган биопротез. Анын салмагы туура 1 кг. Азыркы тапта мындай операцияны 60 адам күтүп жатат. Ал эми петропавлдык Алексей Чабан болсо, операциядан кийин жаңы жүрөгүнө көнүп жатат. Эч кандай ыңгайсыздыкты сезбеймин, дейт ал.

АЛЕКСЕЙ ЧАБАН, БЕЙТАП:

- Мен жумасына 3 жолу спорт менен машыгам. Буга чейин да спортко жакын болчумун. Ошондуктан операциядан кийин да машыгууларымды улантууну чечтим. Оору улут тандабайт. Ошол себептен мындай операциялар ар бир өлкө үчүн маанилүү. Бизде операциянын ийгиликтүү жасалып жатканына кубанычтамын.

Алексейдин алдыдагы планы – үй-бүлөсүнө көңүл бөлүп, спорт менен көбүрөөк машыгуу. Ал донордук жүрөк трансплантациясын күтөт.