Маңгыстау облусунда рекреациялык аймак салуу көздөлүүдө

Маңгыстау облусунда ири туристтик долбоорду ишке ашыруу көздөлүп жатат. Белгилүү Каракия ойдуңунун Ащысор деп аталган айланасында рекреациялык аймак салуу көздөлүүдө. Бул үчүн Каспий деңизинен арык казылып, ал жер туздуу суу менен толтурулат. Келечекте жасалма суу сактагыч жээгинде конок үйлөр курулуп, эс алууга келгендерге арналып кум жээк комплекстери салынат. Долбоордун алдын ала баасы 60 млрд теңгеге бааланууда.

ШОЛПАН ИЛМУХАНБЕТОВА, ОБЛУС АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Долбоордун техникалык-каржылык негиздемеси даяр. Ал коомдук желелерде кызуу талданып жаткан суроолорго жооп берет деп эсептейбиз. Бейөкмөт уюмдар көтөргөн маселени анализдеп, келечекте пайда болуп кала турган коркунучтардын алдын-алуу жолдорун карайбыз.