Бурабай курортунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү - Kazakh TV

Казакстандык Швейцария аталган Бурабайга саякатты алдын-ала пландоо. Жаңы кызмат түрү биринчи баш оона айында ишке кошулду. Турист атайын электрондук сайтка кирип, өзүнө керектүү саякат түрүн тандап, тапшырык жасай алат. Бул айрыкча чет өлкөдөн келген туристтерге өтө ыңгайлуу. Аларга электрондук маршруттук баракчадан бөлөк, Бурабайдын жергиликтүү картасы менен казакстандык байланыш операторунун сим-картасы да берилет. Азыр Бурабай курорттук аймагында туристтер кыдыра ала турган 29 экскурсиялык багыт бар.

ДАНИЯР ИДИЯТОВ, ОБЛУСТУК ТУРИЗМ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Долбоорду эки нускада колдонууга киргиздик, электрондук нускада сиз сайтка кирип, керектүү саякат түрүн тандайсыз. Ал эми долбоордун экинчи түрүн тандагандарга жол көрсөтүүчү картасы, туристтик картасы колго берилет. Бул туристтер үчүн өтө ыңгайлуу.

Бурабай курорттук аймагынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында Щучинск шаарынын жанындагы тоо кыркаларынан «BURABAY» деген чоң жазуу пайда болот. Эми ал өзүнүн көркөм табияты менен гана эмес, алыстан көздүн жоосун алган маалыматтык сүрөттөмөлөр менен да өзүнө тартып турат. Бул айрыкча, Бурабайга Астана жактан багыт алган жүргүнчүлөргө анык көрүнөт. Жаңы арт-объекттин бийиктиги - 14 , туурасы - 77 метрди түзөт.

ШЫҢГЫС ОРАЗАЛИН, «БУРАБАЙ» МУТП ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Ушул жылы «Кенесары үңкүрү», «Бөлөк тоо», «Хандын кызыл жыгачы» сыяктуу жаңы багыттарга маалыматтык тактайчалар менен багыттамалар илинди. Андан башка, чакан архитектуралык формаларды да жасап жатабыз.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии