«Мукали» эл аралык экспедициясы

Жетисүү аймагындагы интеллигенция коом өкүлдөрүнөн түзүлгөн эл аралык экспедиция мүчөлөрү коңшу Кытай Эл Республикасынан мекенине кайтышты. Алар Бээжин менен Шанси провинциясындагы Сиань жана Юлинь шаарларында болушуп, 1169 – 1223-жылдар аралыгында өмүр сүргөн улуу кол башчынын рухуна таазим этишти. Мукали Жалайыр баатыр заманында Чыңгыз хандын атынан Кытайды ээлеп, аталган өлкөнүн 65 провинциясын багындырганы тарыхта белгилүү. Хандардын ханы аталган Темучиндин Мукали, Желме, Жебе, Сүбедей сыяктуу төрт баатыры болгону белгилүү. Ушул төрт аскер кол башчынын биринчиси – Мукали империядагы тогуз төрөнүн бири аталган.

ЛУ ЮНЬ, ЖАЗУУЧУ:

- Чыңгыз хандын Кытай өлкөсүн ээлеп алышы башка аңгеме. Ал эми Мукали «бөлүп ал да, башкара бер» саясаты менен өмүр сүргөн бүт кытайдын башын бириктирип, бир Юань империясын түзүп кетти. Мына ошондуктан өлкө бийлигиндегилер менен карапайым калк аны биздин өлкөнү бириктирүүчү жана биримдикти сактап калуучу катары билишет. Бул билген адамга өтө жогорку баа.

Бүгүнкү күндө Кытай бийлиги менен тургундарынын Чыңгыз хандын оң колу болгон Мукали Жалайыр баатырга болгон урматы өзгөчө. Өтө бай архиви бар өлкө баатырдын башына чоң эстелик орнотуп, айланасын кооздошкон. Юлиньдеги көрүстөн башында чыракчысы да бар.

ЖАУ ЗЫ ЧИНЬ, ЧЫРАКЧЫ:

- Менин алдымдагы 4 атам ушул жерде чыракчы болушкан. Мен бешинчисимин. Тарыхый эстеликти 1985-жылдан бери карап келе жатам. Жашым 73кө келди. Менден кийин бул ишти уулум аткарат. Улуу баатырга кызмат кылуу парзыбыз.

АМИРЕ АРИН, АКЫН:

- Мукали – ал бүткүл дүйнөгө белгилүү инсан. Француз тарыхчысы Оссон аны генерали́ссимус деген атакка сунуштап, ушундай түрк дүйнөсүндө алгачкы генерали́ссимус макамын алган улуу кол башчы. Бул жолу биз казакстандык делегация Мукали бабабыздын жаткан жеринде болуп, ушундай башкача сезимге бөлөнүп жатабыз.

Экспедиция алкагында чогултулган материалдар маалыматтар жана көркөм тасмаларга негиз болот. Ошондой эле, атактуу баатыр тууралуу бир нече китеп басып чыгаруу көздөлгөн. Ушуга кошо, Мукали мемориалдык комплексин салдыруу мерчемделип жатат.