Маңгыстау облусунда кубаттуулугу 42 мегаватт болгон шамал станциясынын курулушу

Чет өлкөлүк инвесторлор Казакстандагы «жашыл» долбоорлорду каржылоого даяр. Ошондой долбоорлордун бири Маңгыстау облусунда ишке ашат. Кубаттуулугу 42 мегаватт болгон шамал станциясынын курулушу баш оона айында Түпкараган айылында башталат. Долбоорго арнап Форт-Шевченко шаарынын айланасынан 375 гектар жер тилкеси бөлүндү. Бош жаткан жерде кубаттуулугу эки жарым киловатт болгон 17 шамал генератору орнотулат. Инвестиция көлөмү 20 миллиард теңгени түзөт.

СЕРГЕЙ ПАРЦИКЯН, ИНВЕСТОР:

- Генераторлорду кураштыра турган инженерлерди Кытайдан чакырттык. Алардын ушул тармакта тажрыйбасы мол. Ал эми станция курулушуна  жергиликтүү жумушчуларды гана тартабыз. Бул долбоорго мамлекеттик бюджеттен каржы бөлүнбөйт. Бардыгы инвесторлордун колдоосу менен ишке ашат.

ХУАН ЧЖЭН, КЫТАЙЛЫК КОМПАНИЯНЫН БАШЧЫСЫ:

- Биз шамал электр станциясына керектүү курулмаларды даярдоо менен алектенебиз. Орусия мамлекетинен ар дайым тапшырык кабыл алабыз. Ал эми, Казакстанга алгач ирет жаңы жабдыктарды жөнөткөнү жатабыз. Шамал электр станциясын салуу – биринчи кезекте, экологияны жакшыртууга багытталган долбоор. Анткени, ал курчаган чөйрөнү булгабайт жана тургундар коопсуз кубат булактарын пайдаланышат.

Долбоорго Казакстандык ишкерлер да инвестиция кылып жатышат. Шамал станциясынын курулушун 2019-жылдын жайында бүтүрүү көздөлүп жатат.