Казакстандык 40 окуучу Улуу Британияда такшалмадан өтүшөт - Kazakh TV

Казакстандын булуң-бурчунан 40 окуучу Улуу Британиядагы Крэнфилд университетинин аэро-космостук мектебинде такшалмадан өтүүгө жолдомо алышты. Мындай мүмкүнчүлүк жүргүнчүлөрдү ташуу алкагында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүнө берилди. Белгилей кетсек, республика боюнча 80ден ашуун окуучу Назарбаев борборунда аэро-космос тармагындагы жаңы долбоорлорун сунушташты.

НИКИТА БРОДЕЛЬ, ТКО КАТЫШУУЧУСУ:

- Биз төрт адамбыз. Долбоорубузду Крэнфилд университетинин үй тапшырмасынын негизинде даярдадык. Тапшырма өтө оор болду. Аны аткарууга 1 жума берилди. Бирок, биз жетиштик жана жеңишти багындыргыбыз келди. Долбоордун мааниси учакка жаңычылдык киргизүү аркылуу анын ишин эффективдүүрөөк кылуу.

Катышуучулар долбоордун ыңгайлуулугу, англис тилин билүү деңгээли жана байкоо комиссиясынын суроолоруна туура жооп берүү белгилери боюнча бааланды. Уюштуруучулардын айтымында, бул сынактын мааниси өтө жогору. Ошондуктан - бул ар бир окуучу үчүн жетишкендик.

СУЛТАН АЙТЖАНОВ, КР ТУНГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ – ЭЛ БАШЫ ФОНДУНУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Сынактын башкы максаты – казакстандык окуучуларды адистик тандоого олуттуу түрдө кароо керектигин көрсөтүү. Бул жерде биз аэро-космос тармагын сунуштадык. Дал ушул тармактын адистери менен казакстандык компаниялар ушундай сынакты өткөрүүгө кызыктар болушту.

Мындай иш-чаралар техникалык кадрлардын тартыштыгын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан уюштуруучулар бул сынактын транспорт, логистика жана авиация тармагында жаш адистерди окутууга зор салым кошооруна ишенишүүдө.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии