Тараз – туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу аймак

Тараз – туризмди өнүктүрүүгө  ыңгайлуу аймак. Ал жылына 2 миллион саякатчыны кабыл алууга даяр. Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан байыркы өрөөн тарыхый маданий эстеликтерге бай. Эми жамбылдыктар бир нече тарыхый мезгилдерди бириктирген ири туристтик аянт ачууну көздөп жатышат. “Аулие ата доору” деп аталган дагы бир ажайып жай туристтерди тартып, аймактын өнүгүшүнө себеп болот.

ЖОМАРТ ЖҮНИСОВ, ИШКЕР:

- Бул жердеги курулуштардын сырткы көрүнүшү мурда кандай болсо, ошол боюнча. Сакталып калган. Азыр оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Биз бул жердин байыркы калыбы жана тарыхый баалуулугу сакталып калышын колдойбуз.

Бир аз мезгил мурда шаарда советтик биолог, гельмин-теологиялык илимдин негиздөөчүсү, академик Константин Скрябиндин үй-музейи калыбына келтирилген. Ал жерде окумуштуунун эмгектери, эмеректери, жеке заттары жана башка 500дөн ашуун экспонат коюлган. Мындан ары адистер башка да үйлөрдү калыбына  келтирүүнү көздөшүүдө. Жалпылап айтканда, аймактын ички туризм картасына 26 имарат кирет. Алардын 15и оңдоп-түзөөнү талап кылат. Серепчилердин айтымында, бул жердеги имараттарды мурдагы стилине алып келишсе, көрүүчүлөр тарыхка чөмүлүп, байыркы доордун архитектурасы менен тааныша алышат.

КАРЛЫГАШ АРАЛБЕКОВА, ЖАМБЫЛ ОБЛУСТУК ТУРИЗМ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Жарыктандыруу, көпүрөлөр, гүлдөр, вазалар бардыгы ошол кездеги тарыхка окшош болуусу шарт. Ошондо гана туристтер өткөн кылымга сапар алгандай болуп, ошол жерден жакшы таасир менен кайтат.

Шаардын көркүнө айлана турган дагы бир туристтик комплекс «Аулие ата комплекси» деп аталат. 19-кылымдын аягы менен 20-кылымдын башында бул жерде көпөстөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн турак жайлары, ошондой эле соода дүкөндөрү болгон.

САУРАН КАЛИЕВ ТАРЫХЧЫ, АРХЕОЛОГ:

- Мына азыр биз турган бөлүгүбүз ошол Тараз шаарынын Бектурганов көчөсү, андан кийин Пушкин, Аскаров, Төлөби көчөлөрүнүн төмөнкү бөлүктөрү толугу менен ошол Аулие ата мезгилине таандык шаар курулушунун өзгөчө архитектуралык эстеликтери.

Келечекте «Аулие ата шаарчасын» «Байыркы Тараз» тарыхый-маданий борборунун уникалдуу туристтик жөө жолу менен бириктирүү көздөлүүдө. Нечен кылымдар мурда Улуу Жибек жолунун боюнда тиричиликтин жүрөгү болгон байыркы Тараздын тарыхый бай мурасы аймактын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат.