Жакында «Отырар» китепканасында заманбап коворкинг-борбор ачылды

Китепканалар заман талабына ылайык өзгөрүп, жаштарды өзүнө тарткан илим-билим борборуна айлануусу керек. Президенттин беш демилгесинин бири ушуну көздөйт. Чымкентте ушул багыттагы иштер жигердүү аткарылууда. Жакында бул жердеги «Отырар» универсалдуу китепканасында заманбап коворкинг-борбор ачылат. Ал жаңы технологиялар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдыкталат. Бул жерге келүүчүлөр атайын жыйын залда ар түрдүү темаларда семинар, дарс жана тренингдерди өткөрө алышат.

АЯТТОЛЛА АЗИМОВ, ИШКЕР:

- Жаш ишкерлер үчүн, айрыкча фрилансерге, жаңы гана өз ишин баштап жаткан стартапчыларга коворкинг-борбор алмашылгыс жай. Бул жер алардын жеке кеңсеси болуп бере алат.

Шаарда китеп фондун электрондук нускага өткөрүү иштери да жигердүү жүргүзүлүп жатат. Бир гана «Отырар» китепканасынын өзүндө 380 миңден ашуун ар түрдүү китеп бар. Ал эми ІТ борборунда информатикага кызыккандарга программалоо, робот техникасы жана 3D моделдөө негиздерин үйрөнө алышат. Жаш ойлоп табуучулар болсо, өздөрүнүн эмгектерин андан ары жакшырта алышат.

АСКАР КАНАШАЕВ, 6-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ:

- Бул менин алгачкы роботум. Бул робот-танк деп аталат. Робот-танк эч кандай тоскоолдуктарга карабастан жүрө берет. Экинчи кураштырган  роботум ал – сымап-робот. Ал алдынан тоскоолдуктар чыкса бурулуп кете берет.

Үч жылдын ичинде бул жерде ІТ тармагынын 120 адисин окутуп, квалификациясын жогорулатуу пландалууда. Жалпы республика боюнча 20 ІТ борбор менен 1000 акысыз ІТ классы ачылат.