Казакстандын кол тийбеген табигатын таанытуу максатында олуттуу экспедиция башталды - Kazakh TV

Казакстандын кол тийбеген табигатын дүйнөнүн төрт тарабына таанытуу максатында олуттуу экспедиция башталды. Ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоор – Казакстандын көрүнүктүү жерлерин даңазалоо менен гана чектелбейт. Чет өлкөлүк саякатчылар тарыхый жерлерди кыдырып, касиеттүү жайлар менен таанышышат. Алгачкы багыт –Тянь-Шань тоосу.

МАКСИМ ЛЕВИТИН, ТАРТУУЧУ:

- Биз Тянь-Шань капчыгайынын түндүк тарабын аралайбыз. Орто ченине чейин барууну пландап жатабыз. Андан соң Баян көлгө аттанып, аркы бетте Хан Теңирде токтойбуз. Бул дүйнөдөгү эң бийик чокулардын бири. Тоо туризми менен алектенип жүргөн ар бир саякатчы Хан Теңирди милдеттүү түрдө көрүүгө аракет кылат.

Кувейттик Фатима Ахмадинин бул Казакстанга  алгачкы ирет келүүсү. “Казак туризм” улуттук компаниясынын келишими менен экпедиция мүчөлүгүнө кабыл алынган. Дүйнөнүн 100 чакты өлкөсүндө болгон блогер Казакстан тууралуу көлөмдүү макала жазат. Экспедицияга жалпы 25 адам аттанган.

ФАТИМА АХМАДИ, САЯКАТЧЫ:

- Казакстандын көрүнүктүү жерлерин көрүүгө кызыгып жатам. Алган таасирлерим менен албетте бөлүшөм. Көлөмдүү макала жазам. Мындай табиятты дүйнө жүзү билиши керек.

Тянь-Шань тоолорунан кийин экспедиция мүчөлөрү Алтайга сапар тартышат. Бул саамалыкка “Хабар” Агенттиги маалыматтык колдоо көрсөтөт. «AcrosstheKazakhLand» аталышындагы программа менен “Kazakh TV” теле каналынан көрсөтүшөт.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии