Түркистан Борбор Азиянын туризм борборуна айланат

Түркистан Борбор Азия аймагынын туризм борборуна айланат. Шаар архитектурасы өзгөчө, тарыхы бай Самаркан, Бухара, Хиуа сыяктуу шаарлар  менен атаандаш болуп, Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору катары дүйнөлүк аренада Казакстандын абройун жогорулатат. Жакында Түркистанга облус борбору макамынын берилиши да ушул багыттагы иштерди жандандырууга мүмкүнчүлүк берет. Серепчилердин пикиринде, үч кылымга жакын казак хандыгынын борбору болгон шаардын тарыхый беделинин кайтышы аймактын коомдук-экономикалык өнүгүүшүнө оң таасир берет деген ойдо.

СУЛТАН КАРТОЕВ, ШААРДЫК ЧЕЧЕН-ИНГУШ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул биздин тарыхыбызга болгон урмат. Өз өлкөбүздөн гана эмес, башка мамлекеттерден келе турган саякатчылар саны менен чектелбейт. Жана облустун Түркистан аталышы да биздин өлкөнүн абройун жогорулатат.

Түркистан шаарын дүйнөлүк деңгээлдеги тарыхый-маданий борбор катары өнүгүүшү үчүн «Байыркы Түркистан» концепциясы жасалган. Анын башкы багыттарынын бири-туристик индустрияны жигердүү  өнүктүрүү.

ХАНГЕЛДИ АБЖАНОВ, ПРОФЕССОР:

- Ар бир келген турист 7 адамга жумуш табып берет. Аны алып жүрүүчү айдоочу, ашпозчу, ал токтой турган конок үй. Орто эсеп менен 7 адам жумуш менен камсыз болот. Эгер ушул Түркистанга жылына 1 млн турист келсе, 7 млн адамга жумуш бар деген сөз. Бул шаар эч нерсеге муктаж болбойт.

Шаар туризм борборунун концепциясына ылайык, бул жерде келечекте пайда боло турган имараттар чыгыш үлгүсүндө салынат. Бирок алардын бары Кожа Ахмет Яссауи күмбөзүнүн бийиктигинен ашпоосу керек. Күмбөз болушунча бардык жерден көрүнүп туруусу зарыл. Мындан тышкары ,Кожа Ахмет Яссауиге тиешелүү баалуу буюмдарынын көптүгүнө байланыштуу атайын Яссауи музейин ачуу да пландалган. Ошондой эле, Түркистанда жаңы аба майданы, темир жол жана авто бекеттер, аны менен катар, конок үйлөр менен кафелер салынат.