«Улуу талаа руху» фестивалы - Kazakh TV

Астанада спортчулар жамбы атуу менен тыйын эңүү боюнча күч сынашты. Иш-чара «Улуу талаа руху» фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Бул жарыштагы ири сынактын тандоо туру гана. Бул жерде 30 га чукул спортчулар күчүн сынашты.

АЙНУР ОРАЗОВА, УЮШТУРУУЧУ:

- «Улуу талаа руху» фестивалы борборубуздун 20 жылдыгына арналат. Спорттук жарыштын тандоо туру өлкөбүздүн 5 аймагында өткөрүлүүдө. Бүгүн жамбы атуу, тыйын эңмей боюнча оюн жүрсө, Чымкентте тогуз кумалак, чүкө атуу, казак күрөшү каадасы болуп жатат.

Астанадагы улуттук оюндар  жарышында түркистандыктар алдыга чыгып, тыйын эңүүдө 10 упайга ээ болушуп, фестивалдын финалына жолдомо алышты.

ГАЛЫМЖАН ИЗЖАНОВ, ЖЕҢИЧҮҮ:

- Аяк оона айында улуу талаанын финалы болот. Ошондо алгылыктуу натыйжага жетип, Түркистан облусунун желегин желбиретким келет. 2021-жылы улутук спорт боюнча олимпиада болот. Ошол олимпиадада Казактын атын чыгаруу менин максатым.

Аяк оонанын он бири менен он алтысы күндөрү Астанада өтө турган финалда республикадан 700дөн ашуун спортчу чогулат. Алардын арасында көк бөрү, байге, эр эңиш, тыйын эңүү, жамбы атуу, казак күрөшү, тогуз кумалак, чүкө атуу боюнча жарыштар өтөт.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии