Денис Тен: Жаркыраган жылдыз

Ал Казакстандын сыймыгы эле. Анын спорттогу жылдызы жаш кезинде эле жанган. Мугалимдери, машыктыруучулары жаш муз бийчисинин өзгөчө таланттын баалашчу. Бүгүн бул жарык дүйнөдөн Денис Тен узап кетти. Ал 25 жашта эле. Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси, Жетинчи Азия оюндарынын жана башка ири жарыштардын чемпиону. Оболонто обон созуп, чемириле бийлеп, сүрөт тартып жана спорттун бир канча түрлөрү менен машыккан. Ал өз чыгармалары менен бүт дүйнөдөгү күйөрмандарын кубандырып келген. Анын фан-клубдары Казакстан, Корея жана Жапонияда бар. Ошондой эле “Денис Тен жана достору” аттуу  муз үстүндөгү шоусуна дүйнөлүк муз бийинин жылдыздары кубануу менен катышышчу.  Ал оптимист эле, ар дайым бийик чокуларды багындырууга  аракет кылып, жаңы кызыктуу пландарды алдына койчу.