Улуу талаа өлкөсүнө саякат

Тулпардын туягы, шумкардын канаты жетпеген Улуу талаа өлкөсүнө комплекстүү саякат. Казакстандын табияты, тарыхый ыйык жерлерин толук камтыган 6 экспедиция уюштурулду. 140 кесипкөй адистен түзүлгөн бир нече топ бир мезгилде «Тянь-Шань бермети», «Жуңгар Алатау», «Алтай- цивилизация бешиги», «Сарыарка», «Деңизден деңизге чейин» жана «Жаңы Жибек жолу» багыттары боюнча сапарга чыгышат. Теке айынын 18нен баштала турган өзөктүү иш-чара аяк оона айынын 29на чейин уланат. Максат-Казакстандын туристик мүмкүнчүлүктөрүн жаңы кырынан таанытуу.

РАШИД КҮЗЕМБАЕВ,  «KAZAKH TOURISM» УК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Үч ай ичинде кесипкөй адистерден түзүлгөн топ өлкөбүздүн эң кызыктуу жерлерин кыдырып, ошол жерлер тууралуу казакстандык жана чет өлкөлүк туристтерге баяндап беришет. Экспедициянын жыйнтыгы боюнча аныкталган маалымат маркетинг үчүн эле эмес, ошол жерде туризмди андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү инфраструктуралык чечимдерди табууга мүмкүнчүлүк берет.

Экспедиция алкагында камтылган табигый объектер боюнча узатуучу жаңы нускалар даярдалат. Сапарга «Хабар» агенттиги маалыматтык колдоо көрсөтөт. Казакстандын алгачкы спутниктик «Kazakh tv» каналы экспедициядан атайын телевизиондук программа жасайт. Жаңы өндүрүш жыл аягыан чейин дүйнө өлкөлөрүнө 5 тилде таратылат.

САНДУГАШ РАХЫМЖАНОВА,  «KAZAKH TV» КАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Биздин тартуу тобубуз экспедициянын курамында алты багыттын бардыгына баштан-аяк катышат. Алдыдагы аяк оона айындагы жаңы сезонубузда ушул сапарлардын натыйжаларына тиешелүү долбоор ишке ашырылат. «Across the Kazakh land» программасы 25 мүнөттүк 30 чыгарылыштан турат деп пландалууда. Бул эл аралык аудитория менен чет өлкөлүк туристтерди өлкөбүзгө тартуунун эффективдүү куралы болот деп ойлойм.

Ошондой эле, Казакстанды изилдөөгө арналган олуттуу иш-чарага Орусиянын National Geographic тобу менен бир нече чет өлкөлүк белгилүү блогерлер катышуу кызыкчылыгын билдиришкен.