Казакстанда туризмдин ар бир түрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Келечеги чоң багыттардын бири – дарылануу эс алуусу. Иртыш аймагындагы Маралды көлү Казакстанда эле эмес, алыскы-жакынкы чет өлкөлөрдө да белгилүү. Ыйык жайдын касиеттүү туздуу көлү менен топурагына кызыккандардын катары калың. Былтыркы эс алуу мезгилинде бул жерге 50 миңден ашуун турист келсе, быйылкы жылы алардын саны 70 миңден ашат деп күтүлүүдө.

САНДУГАШ КЕНЖЕБАЕВА, ЭС АЛУУЧУ:

- Маралды көлүнө атайын келдик. Туздуу суу менен ылайынын дарылык касиети бар экенин билебиз. Биринчи жыл келип турган жокпуз. Бизге абдан жагат, дарылануунун жыйынтыгы да жакшы.

Эс алуучуларды көлдүн туздуу суусу, ылайы кызыктырат. Бул көлдө дарылуу ылайдын төрт түрү бар. Туристтик инфраструктураны өнүктүрүү багытында пландар көп. Мисалы, 150 млн теңге бөлүнүп, ири аквапарк салынат.  Аны менен катар, көл жээктери жана унаа токтотмосу кеңейтилет.

ЖАНАР ЖАКАНОВА, ЭС АЛУУ ЖАЙЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Азыркы тапта чоң сахна, ден соолукту чыңдоо объекттеринин курулуштары жүрүүдө. Балдарга арналган аянт да салынат. Келечекте туздуу көлдүн айланасы улуттук стилдеги эс алуу борборуна айланат.

Белгилей кетсек, келечекте Маралды көлү эс алуу эле эмес, ден соолукту чыңдоо борборуна айланат. Алдыдагы убакытта көлдүн айланасында марал музейи менен дарылоо жайы ачылат. Азыркы  тапта 53 марал алып келинип, өстүрүлүп жатат.

БОРАНБАЙ МАРДАНОВ , МАРАЛ ӨСТҮРҮҮЧҮ:

- Бул жерде марал кармайбыз, мына! 50 баш марал. Тиги 2-3 баш быйыл төлдөйт. 10 баш эркеги бар. Ушинтип күндө жем берип турабыз. Булар колго үйрөтүлгөн.

Шарбакты районунда ички туризмди өнүктүрүү аракеттери бар. Бул аймак Шалдай токою, туздуу көлдөр менен касиеттүү жерлерге бай. Эс алууучуларды тартуу максатында 250 чакырымдык туристтик багыт ачылат. Туристтер Маралды көлүнө келип гана тим болбостон, Габдул Хазирет комплексине зыярат да кыла алышат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии