Астанада Азия Mедиа Диалогу форуму өз ишин улантып жатат. Казакстандык жана чет өлкөлүк журналисттер жана 40 мамлекеттин медиа тармагынын өкүлдөрү ММК тармагынын маанилүү ишмердүүлүгүн талкуулашууда. Аудитория кандай маалыматтарга муктаж жана контентти кантип кызыктуу кылса болот? Ушул багыт боюнча белгилүү журналисттер, медиа менеджерлер жана изилдөөчүлөр өз ойлорун айтышты. Көпчүлүк делегаттар ММК ишмердүүлүгүнө жаңы технологияларды киргизүү боюнча пикирлерин билдиришти. NHK ири телерадио берүүсүнүн сөзү боюнча, акыркы илимий ойлоп табуулар жана заманбап технологиялар журналисттердин иштерин жеңилдеттүүдөн тышкары, аудиторияны да кызыктыра алат.

МАСАКАЗУ ИУАКИ, NHK ИЛИМИЙ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР БОЮНЧА МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- NHKде биз жаңы технологияларды ийгиликтүү колдонуп жатабыз. Мисалы, бизде коомдук тармактарга жаңылыктарды тандоочу жасалма интеллект эрежеси менен иштеген программалык камсыздоо бар.

Казакстан менен Азия-Тынч океандык бирикмеси биргеликте өткөрүп жаткан «Азия Медиа Диалогу» форуму – алгачкы жолу өткөрүлүп жатканына карабай, ал өзүнүн көрүнүктүү жемишин алып келди. Эки күн ичинде ата мекендик журналисттер көптөгөн кызыктуу маалыматтарга ээ болушуп, түрдүү мастер-класстарга катышып, Азия жана океандык кесиптештери менен  байланыш орнотууга жетишишти. Мындан сырткары Хабар агенттиги Макаонун мамлекеттик телеканалы менен кызматташуу тууралуу меморандымга кол койду. Азия-Тынч океандык бирикменин башкы катчысы Джавад Моттагинин пикиринде, бул конференция түрдүү мамлекеттердин катышуучуларына 21-кылымдагы такыр башка мүмкүнчүлүктү көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

ДЖАВАД МОТТАГИ, ГЕНЕРАЛЬНЫЙ СЕКРЕТАРЬ АЗИАТСКО-ТИХООКЕАНСКОГО ВЕЩАТЕЛЬНОГО СОЮЗА:

– Мен Казакстан башка Азия өлкөлөрүндөй эле абдан бат өнүгүп жатканын көрүп жатам. Бул өнөр жай тармагына дагы, техналогияга дагы тиешелүү. Технология медианын ажырагыс тармагы, анткени ЖМКнын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, аудиторияны топтоого, контенттин сапаттуулугун жакшыртып анын баасын да төмөндөтүүгө зор жардам берет. Ошондуктан бул нерсе Казакстан жана башка азия өлкөлөрү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачаарына көзүм жетет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии