«Хабар» Агенттиги Макао “TDM” мамлекеттик телевидениеси менен кызматташат

«Хабар» Агенттиги Макао “TDM” мамлекеттик телевидениеси менен кызматташат

«Хабар» Агенттиги Макао “TDM” мамлекеттик телевидениеси менен кызматташат. Тарапташтар жаңылыктык контент, теле сериалдар жана даректүү тасмаларды алмашуу боюнча меморандумга кол коюшту. Ошондой эле өнөктөштөр тажрыйба бөлүшүүгө жана эки жактын адистерин такшалмадан өткөрүп, коомдук тренинг жана семинарлрга катыштырууга келишишти.  Белгилей кетсек, документке кол коюу Астанада өтүп жаткан Азия медиа диалогонун алкагында ишке ашты. Бул иш-чара Казакстан жана Азия-Тынч океандык бирикменин алгачкы ири долбоору. Бул бирикменин толук укуктуу өкүлдөрүнүн катарына “Хабар” Агенттиги жана 100 өлкөнүн ар кандай медиа компаниялары кирет.

ДИНАРА АБАКАЕВА, “ХАБАР» АК АГЕНТТИГИН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

-Өткөн жылы ABU башкы ассамблеясында Хабар агенттиги административдик кеңешинин курамына тандалып алынган. Бул бирикменин ишмердүүлүгүндө маанилүү иштерди кабыл алчу,  башкы ассамблеядан кийинки 2-орган. Биз административдик кеңешке тандалып алындык, кийинки жылы бул Макаодо өтөт. Аталган өлкөнүн делегациясы биздин агенттикти  административдик кеңешке катышууга чакырды.

Азия медиа диалогу – бул журналисттер менен медиа менеджерлердин конференция, мастер-класстарга катышып, жаңы маалыматтарга ээ болуп, тажрыйба алмаша турган аянтча. Дал ушундай эң кызыктуу мастер-класстардын бири чейрек кылымдык тажрыйбасы бар австралиялык радио журналисттердин воркшобу болду. Пол Амос жана Ронни Стэнтон катышуучуларга кантип нөлдөн радиостанция курса болоорун баяндап беришти. Австралиялык журналисттердин айтымында, 21-кылымда радио башкы ММК жана коомдук желелер менен атаандашып жатат. Өз аудиториясын кеңейтүү үчүн радиожурналисттер тер төгө эмгектенүүсү керек.

РОННИ СТЭНТОН, МЕДИА КОУЧ, RONNIE STANTON MEDIA:

– Бүт дүйнө жүзү боюнча радиостанциялар өз аудиториясы үчүн күрөшүп жатышат. Бирок, азыркы учурда алар бири-бири менен эмес, адамдардын көңүлүн ача турган Youtube, Facebook, Netflix жана башка тармактар менен атаандашууда. Дал ошондуктан бизди - радиожурналисттерди угуучуларга жакыныраак болуп, дагы да мыкты жана кызыктуу болууга түртүп жатат.