Астанада альтернетивдүү энергетика тармагындагы инновациялык долбоорлор жигердүү түрдө киргизилүүдө. Азыркы тапта шаарда уникалдуу делген 17 инновациялык демилге натыйжалуу ишке ашып жатат. Анын үчөөсүн казакстандык ойлоп табуучулар ойлоп табышкан. Ата мекендик окумуштуулардын эмгектеринин ичинде «Болотов» орнотомосу бар. Ал өндүрүлгөн электр кубатын шаардык желеге жиберет. Күн панелдери аз дегенде бир аялдаманы жарык, жылуулук менен камсыз кылат. Бул Астанада орнотулган «жашыл» технологияга негизделген орнотмолордун бир бөлүгү гана. Автономдуу светофорлор, жөө жүргүнчүлөр жолуна орнотулган орнотмолор жана абаны тазалоочу экологиялык шамдар башкы шаарда үзгүлтүксүз иштеп жатат.

МАКСАТ ЕСМАГУЛОВ, ШААР АКИМДИГИ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК РЕСУРСТАР БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Бул долбоорлордун ар бири өзгөчө. Бардыгы күн же шамалдан кубат алат. Мисалы, бул объект гаджеттерди кубаттоого мүмкүнчүлүк берет. Аны менен бирге шаардын эки көчөсүн толук жашыл энергияга котордук. Ошондой эле, бир катар сейил бактар менен гүл бакчаларына лэд жарыктандыруу менен кубат үнөмдөгүч, альтернативдүү энергия булактарын талап кылган лампаларды орноттук.

«ЭКСПО» көргөзмөсүнөн кийин 100 мыкты «жашыл» идея тандалып алынган. Алар Казакстандын ири өндүрүш жайларына акырындык менен киргизилүүдө. Мисалы, ишканаларда орнотулган күн электр станциялары энергияга болгон таңсыздыкты толук камсыздап жатат.

НАЗГҮЛ ТАЛИПОВА, ИШКАНАНЫН БАСМА СӨЗ БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫ:

- Күн батареяларын колдонуп, курчаган чөйрөнү зыяндуу заттар менен булгабайбыз. Экологияны көмүр, мунай, газ сыяктуу отундардан коргоого салым кошуп жатабыз. Экинчиден, бюджет каржысы да үнөмдөлөт. Бул технология бүгүнкү күндө эң өзөктүү жана дүйнөдө кеңири таралган.

«Борбор – кайра жанма энергия булактарынын орнотомолору орнотулган ири аянт» деп ишенимдүү айтууга болот.

БЛИЦ:

 - Биздин мамлекет жашыл экологияга зор маани берет. Мисалы, шайтан арабаларды айтууга болот. Аны менен катар, мен сол жээкте  таза энергия бөлө турган күн батареяларын да байкадым.

 - Жашыл технологиялар коомдун ажырагыс бөлүгү болууга тийиш. Аларды турмушта пайдалануу өтө туура. Астана туура жолдо бара жатат.

 - Менин билишимче, бул үнөмдүү нускалардын бири. Күндөн биз электр энергиясын өндүрөбүз. Азыр бул өтө өзөктүү жана үнөмдүү.

 - Астанада күндүн жана шамалдын энгергиясын колдонгон технологияларды көрдүм. Жашыл технологияны балдарга мектептен баштап үйрөтүп баштоо зарыл.

2019-жылдын аягына чейин Астана көчөлөрү толугу менен жарык-диоддуу чырактар менен жарыктандырылат. Ошондой эле жылуу тротуарлар менен акылдуу жөө жүргүнчү жолдору да пайда болот.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии