Вашингтондо Астананын 20 жылдыгына арналган веложүрүш өттү. Ага АКШда жашаган казакстандыктар, дипломаттар  жана Казакстанга келген америкалыктар катышты. Казакстан элчилигинен башталган жүрүш Вашингтондун 20 көрүнүктүү жерин басып өттү. Арасында Ак үй, Линкольн мемориалы, Капитолий менен башка да шаардын белгилүү объекттери бар. Жүрүштөн кийин катышуучулар боз үйдө казактын улуттук тамактарынан даам сызышты.

АМИРХАН МУКАШЕВ, АКШДАГЫ КАЗАКСТАН СТУДЕНТТЕРИ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстандыктарды борборубуздун 20 жылдыгы менен куттуктайбыз. Астананын Евразия менен катар, бүткүл дүйнөнүн маданий жана каржы борборуна айланышын каалайбыз. Жаш борборубуз өнүгүп гүлдөй берсин. Мунун баарына Президентибиздин аркасы менен жеттик. Ага ыраазычылыгыбыз чексиз.

ЖУЛДЫЗ МАРАТ КЫЗЫ:

- Борборубузга 20 жыл болду. Аны баарыбыз биргеликте жолугуп, ушул жерде белгиледик. Казакстаныбыз жашай берсин, Астанабыз гүлдөй берсин, өркүндөп-өссүн.

САРА ТЕННЕН, ВАШИНГТОН ЖАШООЧУСУ:

- Биз биринчи жолу Астанада 2007-жылы болгонбуз. Казакстан борборунун 20 жылдык мааракеси ушул жерде да белгиленип жатканына кубанычтабыз. Акыркы жолу 2009-жылы барганбыз. Алдыдагы убакытта кереметүү кейпи менен таң калтырган кооз шаарды көрүүгө барабыз деген үмүттөбүз.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии