Түркиянын Анкара шаарында Астананын 20 жылдыгына карай конференция өттү. Иш-чара алкагында Түркиянын саясий ишкерлери, белгилүү окумуштуулар жана ишкер өкүлдөрү жолугушуп, Астананын калыптануу тарыхына тиешелүү маанилүү баяндамаларды жасашты.

ЯЛЧЫН ТОПЧУ, ТҮРКИЯ ПРЕЗИДЕНТИНИН БАШКЫ КЕҢЕШЧИСИ:

- Мен Астана менен Анкара боордош шаарлар деп дайыма айтып келем. Анткени  Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрк Анкараны башкы шаар деп жарыялоо себеби кандай болсо, көрөгөч саясатчы, билимдүү башчы Нурсултан Назарбаевдин борборду Алматыдан Астанага көчүрүүсү дал ошондой тарыхый маанилүү чечим болду.  Ошондуктан  улуу инсандардын өмүрү, көз карашы, баалуулуктары бири-бирине окшош.

Олуттуу жолугушуунун алкагында «Улуу талаа борбору» аттуу китептин расмий бет ачары өттү.  Жыйнакта Түркиянын саясий инсандары, мамлекет жана коомдук ишкерлеринин Астана тууралуу жана Эл башынын боордош эки өлкөнүн өз ара байланышын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролу тууралуу ой толгоолору, анализдик макалалары, изилдөө эмгектери менен жылуу тилектери камтылган.

МУСА ЙЫЛДЫЗ, КАЗАК-ТҮРК УНИВЕРСИТЕТИНИН ТОЛУК УКУКТУУ КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Астана түрк дүйнөсү жана дүйнөлүк коом үчүн өтө маанилүү шаар. Ал – тынчтык борбору. Сириядагы жарандык согушту байкоо менен эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүнүн алмашылгыс үлгүсүн көрсөтүп, эл аралык  олуттуу иш-чараларды ийгиликтүү өткөрө билген Астананын аброю күндөн-күнгө жогорулап жатат.

АБЗАЛ САПАРБЕК УУЛУ, КАЗАКСТАНДЫН ТҮРКИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Астана Казакстан, түрк дүйнөсү үчүн гана эмес жалпы Евразия мейкиндигиндеги жаш шаар. Ага карабастан  өзүнүн беделин, айрыкча ордун, дипломатиялык жетишкендиктерин, тынчтыкты сүйгөн статусун далилдеген зор шаар катары таанылууда.

Жаңы жыйнак казак жана түрк тилдеринде жарык көрдү. Уюштуруучулар бул чыгарма боордош эки өлкөнүн саясий жана маданий байланыштарын бекемдөөгө түрткү берерине ишенишет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии