Казакстанда «жашыл демилгелер» жана адамдарды курчаган чөйрөнү коргоп, аяр мамиле кылуу иштерине басымдуулук берилди. Астанада «таза энергетика» жана альтернативдүү технологиялар» темасын элге жигердүү жайылтып жүргөн ММК өкүлдөрү сыйланышты. Жылда өтө турган «жашыл басма сөз» сынагы быйыл да Казакстандын экологиялык уюмдар ассоциациясынын демилгеси менен уюштурулду.

АЙГҮЛ СОЛОВЬЕВА, КАЗАКСТАНДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УЮМДАРЫ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ:

- Мыкты иш-чара экологиялык маданиятты калыптандырып, адамдарды табигый ресурстарды үнөмдөөгө чакырып, ыңгайлашуу үчүн колго алынды. Бул бардыгыбызга тиешелүү өтө өзөктүү маселе. ММК 4-бийлик өкүлү болгондуктан, ушул маанини калктын оюна жеткирүүдө жигердүүлүктү көрсөтүүшүдө. Негизинен сабаттуу, кесипкөй, туура маалыматтарды жеткирген талапкерлердин эмгектери көмүскөдө калган жок.

Белгилей кетсек, салттуу сынактын алкагында «Мыкты программа», «Мыкты сюжет», «Басма сөздөгү мыкты макала», «Интернет желесиндеги мыкты материал» номинациялары боюнча жеңичүүлөр аныкталды. Жалпы мыкты деп табылган 15 журналист ыраазычылык кат жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. «Мыкты телеканалдык сюжет» номинациясында Казак ТВнин тилчиси Зарина Асанова жеңичүүлөрдүн катарына кирди.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии