Астананын мааракесин утурлай ботаникалык бак ачылат. Евразиялык мейкиндиктеги уникалдуу объектти курууга КМШ, Германия, Италия, Франция өлкөлөрүнүн белгилүү окумуштуулары менен башчылары катышты. Адистердин айтымында, ботаникалык бакты илимий жана коомдук-маданий борбор катары кароо керек. Бул жерде  «Алыскы Чыгыш», «Сибирь», «Европа», «Чыгыш Азия» сыяктуу экспозициялар жайгашты. Бак кызматкерлери жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдү кайра  өстүрүп гана тим болбостон, жаңы түрлөрүн чыгарууну көздөшүүдө.

АКЫЛБЕК КҮРИШБАЕВ, С.СЕЙФУЛЛИН АТЫНДАГЫ КАЗАК АГРОТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ:

- Биздин окумуштууларыбыз азыр жаңы, молекулярдык генетикалык ыкмаларды өздөштүрүп, селекция менен алектенишет. Жайыт жерлердеги өсүмдүктөрдү кайра калыбына келтирип, жаңы селекция, сортторду чыгарышат.

ДМИТРИЙ ГЕЛЬТМАН, ОИА В.Л.КОМАРОВ АТЫНДАГЫ   БОТАНИКАЛЫК ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- Ботаникалык бактын географиялык жайгашканын эффективдүү пайдаланышыбыз керек. Астанадагы бактын дагы бир өзгөчөлүгү, экзотикалык өсүмдүктөр менен бирге талаа флорасы болушу мүмкүн. Ал Казакстан коомдоштугу менен бирге, бүт Евразия жана дүйнөнүн башка да өлкөлөрүнүн коомдоштугун тааныштыра алат. Мисалы, эмне себептен түндүк америкалык жайыт экспозициясын курса болбосун?

Астанадагы Ботаникалык бактын жалпы аянты – 92 гектар. Олуттуу долбоордун жалпы баасы – 23 млрд теңге. Жашыл желектүү объект шаар тургундары менен туристтер үчүн да сүйүктүү жерге айланат. Бул жерде балдарга арналган оюн аянтчалары, волейбол, баскетбол жана теннис аянттары, чуркоо жана шайтан араба жолдору, фонтандар караштырылган. Ал эми отургузула турган бактардын саны 95 миңге жетет. Азыркы тапта бакчада 33 миң жашыл көчөт, эки оранжерея, аянты 45 миң чарчы метрди түзгөн жасалма көл бар.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии