Казакстан-Азербайжан: ЖОЖ аралык кызматташтык

Казакстан менен Азербайжан билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө. Бул байланыш студенттер менен мугалимдерди алмашуу жана жалпы билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталган. Расмий статистикага ылайык, 2016-2017-окуу жылдары азербайжан уинверситеттеринде 50 Казакстан жараны билим алса, казакстандык ЖОЖдордо азербайжандык 160 студент билим алган.

ЗАФАР КУРБАНОВ, БАКУ МУНАЙ ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНИН ДЕКАНЫ:

- Биз Казакстан-Британ техникалык университети менен бирге келишимге кол койдук. Ал мындан ары эки окуу жай жалпы илимий изилдөөлөр менен маданий иш-чараларды өткөрөт дегенди билдирет. Биз Казакстандын башка да ЖОЖдору менен бирге кызматташтык орнотобуз деп пландап жатабыз.

Көптөгөн окуу жайларда сабак англис тилинде өтөт. Бул жараян эки өлкөнүн көптөгөн университеттеринде байкалат. Ал билим берүү сапатынын жакшы көрсөткүчү катары саналат.

ФАТИМА ДУРСУНОВА, БАКУ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ДОЦЕНТИ:

- Баку мамлекеттик университети Казакстан университеттери менен мурунтан кызматташтыкты орнотушкан. Коркут Ата атындагы Кызылордо университети менен Есенов атындагы инженердик-технологиялык университети да кызматташтык келишимине кол койду.

Евразиялык университет менен өнөктөштүк алкагында Баку университетинде казак маданият борбору ачылган. Бул жерде тил адистери казак чыгармаларын азербайжан тилине которуп, чыгармачылык кечелерди өткөрүшөт. Борбор Магжан Жумабаевдин ырлар жыйнагы менен Мухтар Ауезовдун «Абай» романын жарыкка чыгарууну көздөп жатат.