Чет өлкөдөгү жигердүү казак жаштары Прагада чогулушту. Бүгүнкү күндө казакстандык эки миңден ашуун студент Чехияда билимин жогорулатышууда. Туулган жерин сагынган жаштар Астананын туулган күнү менен куттукташты.

МАРЖАН АДИЛ, ПРАГАДАГЫ КАРЖЫ ЖАНА БАШКАРУУ ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНИН СТУДЕНТИ:

- Бүгүнкү жыйында «Эрке сылкымды» аткардым, үйдү сагынганда колума домбрамды ала калган адатым бар. Домбранын обондуу жана сыйкырдуу үнү сагынычымды басат. Бүгүн биз Астанабыздын туулган күнүнүн урматына жолугуштук, өлкөбүздүн жүрөгү катары эсептелген жаш шаарыбыз алгалай берсин.

Чехия билим министринин маалыматы боюнча, 17 жыл ичинде Казакстандан Чехияга билим алуу үчүн барган жаштардын саны 70 пайызга өскөн. Казакстандык студенттер бул жерде Эл аралык мамилелер, менеджмент, экономика жана медицина тармактары боюнча билимин жогорулатып жүрүшөт. Европанын борборундагы бул өлкөдө ата мекендик билим берүүнүн сапаты жогору саналат жана чех тилиндеги окуу акысыз.

ДАУЛЕТ ТҮЙМЕБАЙ, ПРАГАДАГЫ БОРБОРДУК УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ:

- Биздин казак жаштарынын чет өлкөдө жүрүп, баштарын бириктирип, бирдиктүү болуусу ар бир казактын кубанычы. Бүгүн биз Астанабыздын 20 жылдыгына карай дагы да көп маалымат алмаштык.

Студенттер чет өлкөдөгү Астананын аброю жыл санап өсүп жатканын белгилешет. Мында казак жаштарынын салымы чоң. Алар Астана тууралуу маалымат таратып, Казакстан тууралуу ойдун калыптануусуна таасир беришүүдө.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии