Чет өлкөдө билим алып, тил үйрөнүү заман талабы. ОУЛУ эл аралык билим берүү борбору казакстандык окуучулар менен бүтүрүүчүлөргө уникалдуу сунуш жасоодо. Бул жерде жаштар кытай тилин үйрөнө алышат. Узак жана кыска мезгилдүү курстар бар. Окуу программасын ийгиликтүү аяктаган студенттер, андан ары Кытайдын абройлуу университеттерине тапшыра алышат.

ВИКТОРИЯ КОВЧЕРИНА,  ТИЛ КУРСУНУН СТУДЕНТИ:

- Менин оюмча бул колледж студенттер үчүн өтө ыңгайлуу. Бул жерге дүкөн да, ашкана да, баары жакын.

Виктория Ковчерина учурда Нонг Е Пекин профессионалдык колледжинде билим алууда. Жарым  кылымдык тарыхы бар окуу мекемеси Кытайдын билим берүү тармагындагы алдыңкы 100 мыкты ЖОЖдордун катарына кирет. Бул жердеги окуу программа жаңы ыкмалардын негизинде түзүлүп, студенттерге кытай тилин бат үйрөнүүгө шарт түзөт. Аталган окуу жайга тогузунчу класстын бүтүрүүчүлөрү да тапшыра алат. Алар кытай тилин үйрөнгөндөн сырткары, орто билим аттестатына жана кесипке ээ болушат.

ЕЛЕНА ПРОТАЗАНОВА, OULU ЭЛ АРАЛЫК БОРБОРУНУН ӨКҮЛҮ:

- Биз жашы жете электердин бардыгын өз камкордугубузга алабыз. Балдар биздин көзөмөлүбүздө болот. Билим алуучуларга 7 күн 24 саат бою кураторлорлук камсыздалат. Биздин ар бир студентте кураторлордун телефон номерлери бар. Аларга телефон чалып, бардык көйгөйлөрүн айта алышат.

Бүгүн ОУЛУ эл аралык билим берүү борборуна Орусия, Казакстан, Украина менен Өзбекстандын жаштары келишет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии