Ригада «Латвия-Казакстан кызматташтыгынын келечеги» талкууланды. Эки өлкөнүн ишкер топторунун өкүлдөрү соода-экономикалык, туристтик жана маданий байланышты өнүктүрүү боюнча кеп козгошту. Түштүктөгү мегаполис миң жылдык тарыхы, тоо лыжа курорттору, экотуризм, архитектура жана эстеликтери менен таанымал. Саякатчылардын санын арттырууну көздөгөн шаар акимчилигин Риганын туризмди өнүктүрүү тармагындагы мол тажрыйбасы кызыктырууда.

САГЫНБЕК БЕКМАГАМБЕТОВ, АЛМАТЫ ТУРИЗМ ЖАНА ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР БАШКАРМАСЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Ригада туризм мурунтан өнүккөн. Акыркы тогуз жылда шаарга келген саякатчылардын саны 2 миллионго жеткен. Бул эң сонун көрсөткүч, ошондуктан ригалык өнөктөштөрүбүздүн тажрыйбасын үйрөнүп, кабыл алчу билим көп.

ИГОРЬ ПУНТУС, БАЛТИКА-КАЗАКСТАН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ АССОЦИАЦИЯСЫНДАГЫ КЕҢЕШИНИН БАШЧЫСЫ:

- Албетте, бул бизнеске жана туризмге жардам берет. Жакында бизге Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары келген эле. Анын максаты да дал ушул стартаптар менен бизнести тартуу болгон.

Тарыхый жана маданий мураска бай Алматы облусу эми Латвия туристтери үчүн да эшигин кенен ачат. Түз аба каттамы эки өлкөнүн тең тургундарынын көңүлүнөн чыгып жатат. Бүгүнкү күнү ушул багыт менен каттаган жүргүнчүлөрдүн саны 2 миңден ашып, жайдын аягына чейинки билеттерге 11 миңден ашуун буйрутма түшкөн.

СВЕТЛАНА АБАШКИНА,  АБА КОМПАНИЯНЫН ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР БОЮНЧА ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биз Казакстан, Латвия тарабынан ушул каттамга болгон суроо-талап үчүн ыраазыбыз. Албетте, арасында Риганы транзит иретинде тандап, Европа, Орусия, Скандиновия өлкөлөрүнөн Казакстанга уча тургандар да бар. Азырынча бул сезондуу жүрө турган каттам. Бирок, бир айдан кийин эмдиги жайда да ушундай жыштык менен жумасына үч жолу каттайбыз деп чечтик.

Эми кезек Латвия делегациясында. Алар аймактагы туристтик мүмкүнчүлүктөрдү эле көрбөстөн, бул тармактагы өз дараметин тааныштырууга шарт түзүлөт.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии