Казакстандын медицинасы ийгиликтүү өнүгүүдө. Ата мекендик эскулапалар алдыңкы усулдарды жана инновациялык технологияларды колдонуп жатышат. Аны менен катар тармак жигердүү санариптешүүдө. Мисалы, Актөбөдө бардык текшерүүлөр дабагерлерге электрондук форматта жеткиликтүү. Аймактагы дарылоо мекемелерин санариптештирүүгө чет өлкөлүк дарыгерлер жардамдашууда. Түштүк Корея менен кызматташуу тууралуу меморандумдун алкагында «PACS» системасы ишке кошулууда. Аны менен катар телемедицина да өнүгүп жатат.

АСЕТ КАЛИЕВ, ОБЛУСТУК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО БАШКАРМАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Жаңы технологиялардын жардамы менен дарыгер жумуш үстүндө эле онлайн негизде изилдөө борборлорунун жыйынтыгын телефонуна же компьютерине ала алат.

Ал эми борбордогу дарыгерлер жаңы технология менен операция жасашты. Алар эпилепсия оорусунун кармап калуу жыштыгын 3-5 жылга чейин узартуу ыкмасын таап, нерв стимуляторун тигишти. Казакстандык дарыгерлердин уникалдуу технологиясына Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан менен Грузиянын 10 хирургу байкоо салып турушту. Алар Астанага тажрыйба алмашуу жана билим алуу үчүн атайын келишкен.

АНДРЕЙ КИМ, НЕЙРОХИРУРГ /ӨЗБЕКСТАН:

- Бул мастер-класстын биздин тажрыйбабызга алып келе турган пайдасы мол. Кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашуу аркылуу биз билимибизди бекемдейбиз. Түрдүү жолдор менен ыкмаларды үйрөнөбүз.

Нерв системасы стимуляторунун имплантациясынан башка, Казакстанда квалификациялуу хирургдар мээ түтүкчөлөрүн тигүү тууралуу мастер класстарды өткөрүүдө. Бул инсультту алдын алат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии