Казакстан туризм тармагын пландуу түрдө өнүктүрүүдө. Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматына ылайык, былтыр Казакстан дүйнөлүк туризм атаандаштык индексиндеги өз позициясын жакшыртты. Бүгүнкү күндө республикада 2023-жылга чейин тармакты өнүктүрүүнүн жаңыртылган концепциясы кабыл алынган. Серепчилердин айтымында, 2025-жылга чейин Казакстандын жалпы ички өнүмүндөгү туризмдин үлүшү 8% түзөт.

Бурабай, Балкаш, Алакөл. Казакстан табигый кооздукка бай. Алар чет жактан келген саякатчыларды таң калтырат. Туристтик операторлордун пикиринде, казакстандыктар өздөрүнүн ата-мекенинде эс алууну тандашууда.

АЙЖАН КАРИМОВА, ТУРИСТТИК АГЕНТТИКТИН МҮДҮРҮ:

- Көбүнчө ден соолукту чыңдап – эс алууга барышат. Алар Балкаш, Алакөл дагы башка курорттук аймактар.

Бурабай күнүнө 10 миңге жакын адамды кабыл алат, анын өзүндө туристтерге тандоо жеткиликтүү. Аны менен катар курорт акырындык менен өнүгүүдө. Мисалы, быйылкы жылы дүкөндөрдүн жасалгасы бир стилге келтирилген. Менеджерлер болсо саякатчылар үчүн жаңы багыттардагы иш-чараларды даярдашкан.

АЗАМАТ БАЙМУКАНОВ, БИРДИКТҮҮ БАЙЛАНЫШ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Жакынкы күндөрдө биз боз үйлөрдүн фестивалын өткөрөбүз. Бул иш-чарага бардык райондор катышып, казактын төл өнөрүн, салт-санаасын көрсөтүшөт. Байгелүү улуттук оюндар уюштурулат. Фестиваль бул жылы 3-жолу өткөрүлөт.

Казакстанда медициналык туризм да өнүгүү үстүндө. Ата мекендик жана чет өлкөлүк саякатчылар арасында Сарыжыгач менен Алакөлдөгү санаторийлер суроо-талапка ээ. Айтмакчы, ушундай санаторийлер желеси иш жүзүндө Кытай менен чек аралаш аймакта жайгашкан. Узактыкка карабастан, эс алууга жана дарыланууну каалагандардын саны күн санап өсүп жатат. Бул жергиликтүү ишкерлерлерге тейлөө деңгээлин көтөрүүгө жана жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.

РУБИК МЕХТИЕВ, ТУРИСТ:

- Өтө жакшы тосуп алышты. Тейлөө жакшы, тамактары да даамдуу, сууга да жакшы түштүк.

СЫМБАТ ТӨЛЕБАЕВА, САНАТОРИЯ МЕНЕДЖЕРИ:

- Биз болжол менен 200 адамды кабыл ала алабыз. Эс алуу күндөрү биз 100% иштейбиз. Бизге келгендер көбүнчө чет өлкөлүктөр. Латвия, Орусия, Кытайлык туристтер.

Казакстандыктар же коноктор үчүн эң белгилүүсү эс алуу күндөрдөгү ички турлар. Алар уюшуп тоолорго, дары көлдөргө, каньондорго аттанышат. Аны менен катар жаңы логистикалык чечимдер пайда болот. Алматы менен Астанадан жайкы каттамдар эки багыт боюнча – Балкаш менен Алакөл ишке кошулду.

РАШИД КҮЗЕМБАЕВ, «KAZAKH TOURISM» УК БАШКАРМА ТӨРАГАСЫ:

- Өткөн жыл менен салыштырганда өлкөдөгү ички туризм 20 пайызга өстү. Буга ЭКСПО жана өткөрүлгөн көптөгөн иш-чаралар себеп болду. Ушул жылга койгон максатыбыз туризм көрсөткүчтөрүн бир деңгээлде сактап калуу.

Астанада туристтерге шаар ичинде сейилдөө сунушталат. Бүгүнкү күндө гиддер арсеналында 10 чакты ар түрдүү турлар бар. Айтмакчы, жыл башынан бери Казакстандын туристтик кластери салык түрүндө бюджетке болжол менен 1,5 млрд алып келди. Серепчилердин пикиринде, бул республикага болгон кызыгуунун жогорулашынын ачык көрсөткүчү. Казакстан ар түрдүүлүгү менен туристтерди тартууда. Мындан башка, кызмат көрсөтүү деңгээли жогорулады. Маршруттар алгылыктуу кеңейүүдө жана конок үйлөр, мейманкана, кафелер менен тойканалардын санынын көбөйүүсү чоң ролго ээ.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии