Борбор Азия: “Интернетти башкаруу” форуму

Санариптүү экономика мүмкүнчүлүгү, кибер-коопсуздук менен жаңы IT-технологиялар. Астанада интернетти башкаруу маселелерине арналган борбор азиялык форум өттү. Ага КМШ, Европа жана Америкадан 200дөн ашуун адис катышты.

ТАТТУ МАМБЕТАЛИЕВ,  «ИНТЕРНЕТ САЯСАТ ЖАРАНДЫК ДЕМИЛГЕЛЕРИ» КФ МҮДҮРҮ:

- Бул үчүнчү форум. Биринчи жолугушуу Бишкекте өткөн. Кийин Дүйшөмбүдө жолугуштук. Эми минтип салттуу форумдун катышуучуларын Астана шаарында тосуп жатабыз. Андан соң эстафета  Ташкент шаарына тапшырылса, бир жылдан кийин бул жолугушуу Ашхабадда уюштурулат. Жыл сайын ар кандай темалар камтылат.

Чет өлкөнүн алдыңкы адистери тармак боюнча аймакка тиешелүү өзөктүү делген маселелерди күн тартибине киргизишти. Жолугушуунун алкагында улуттук жана ааламдык деңгээлдеги суроолор кызуу талкууга түштү. Интернетти иреттөөдөн баштап кең желеге кол жеткизүүнүн  жол-жоболору биргелешип изилденди.

ВЛАДИМИР СВАНАДЗЕ, «ИНТЕРНЕТТИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ДЕМИЛГЕ» БЕЙӨКМӨТ УЮМУНУН ТӨРАГАСЫ/ГРУЗИЯ:

- Мен Грузия тууралуу айта турган болсом, биз ушуну менен  кибер коопсуздук боюнча үчүнчү стратегияны ишке ашырып жатабыз. Ошондуктан коңшу өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүз менен өзүбүздүн тажрыйбабызды бөлүшүүгө даярбыз. Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттери кибер коопсуздук маселелерине терең маани берет. Биз өз кезегибизде  бүгүнкүгө чейин чогулткан маалыматтар менен алмашабыз.

Иш-чарага катышуучулардын айтымында, форум интернетти башкаруу жана иреттөөнүн саясий жана техникалык тенденцияларына тиешелүү маселелердин туура чечимдерин издеген салттуу пикир-талаш аянтына айланууда. Натыйжалуу жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жылда аймактык жана эл аралык тажрыйбаларга негизделген сунуштар даярдалды. 

АЛЕКСАНДРА КУЛИКОВА, ICANN КОРПОРАЦИЯСЫНЫН ЧЫГЫШ ЕВРОПА ЖАНА БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА АЙМАКТЫК ӨКҮЛҮ:

- Биз ушул иш-чара колго алынгандан бери борбор азиялык форумдун туруктуу  өнөктөшү болуп келе жатабыз. Ушул убакыт аралыгында жыйындын аброю өсүп, далай көйгөйлөр чечилди. Бул форум түрдүү техникалык ишканалар, коомдук уюмдар жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн интернет тармагын башкарып, жакшыртуу боюнча өз ара тыгыз карым-катнаш орнотууга жол ачкан аянтка айланды.

Белгилей кетсек, форум БУУнун колдоосу менен 2006-жылдан бери уюштурулуп келет. Келээрки жылы Ташкентте өтөт деп пландалууда.