Казакстан Элдеринин Ассамблеясынын «Казак таануу» долбоору

Эми Казакстандагы этностордун арасында казак калкынын тарыхын, салттарын, гуманитардык жана адамгерчилик кагыдасын Казакстан Элдеринин Ассамблеясынын «Казак таануу» илимий-агартуучулук долбоору жигердүү жайылтат. Үч жылга эсептелген долбоордун максаты, тамырлаш баалуулуктардын жана жалпы улуттук тарыхый аң-сезимдин негизинде  элдердин биримдигин бекемдөө. Ошондой эле өлкөдөгү коомдук келишимдин уюткусу менен координатору – казак эли экенин таанытуу.

ЛЕОНИД ПРОКОПЕНКО, КЭА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Алгачкы республикалык дарстарды баштайбыз. Мындай казак таануу сабактары облустарда, район, айылдарда өтөт. Дарстарда негизинен, казактардын кыйналганга жардам колун сунууга даяр турган касиети - жер которгон далай улутту аман алып калганы туурасында баяндалат.

БЕРИК АБДИГАЛИЕВ, «КАСИЕТТҮҮ КАЗАКСТАН» ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Чындыгында казак өлкөсүнүн тарыхын, мүнөзүн, тилин билип, бардык улуттар казактын тегерегинде бириксе, туруктуулуктун кепили. Байыртан келе жаткан тарыхы, ыйык жана касиеттүү объекттер булар да өлкөнү бириктире турган улуттук өзгөчөлүк.

Долбоорду ишке ашырууга Ассамблея мүчөлөрү менен Казакстандын 4 министрлиги жана бардык аймактардагы акимчилик өкүлдөрү алектенишет. Жакынкы арада облустарда 10 багыт боюнча ар кандай иш-чаралар уюштурулат.