Түркестан – түрк ааламынын бешиги

Кылымдар бою бүткүл түрк ааламынын саясий жана руханий борбору болгон Түркестан шаарына облус макамын берүү – түркиялыктарды зор кубанычка бөлөдү. Түркия мамлекет башчысы менен кызмат адамдары Казакстанда иш сапары менен болгон кезде, байыркы шаарга барбастан кетишпейт. Саякаттап келген түрк туристтери да тарыхый жайларга зыярат кылууну Яссауи комплексинен башташат. Анткени түрк эли ыйык Түркестандын улуу ойчулу, бүтүндөй күн чыгыш мусулмандарынын руханий устаты болгон Кожа Ахмет Яссауинин туулуп-өскөн жери катары жакшы белгилүү. Яссауи илиминин аркасында Мансур ата, Абдималик ата, Ахи Эвран, Кажы Бекташ Уали, Маулана Жалаладдин Руми жана Юнус Эмре сыяктуу түрк руханиятынын көрүнүктүү инсандары өсүп чыккан.

ЭРТИН АРДА, СТАМБУЛ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Түркестан стамбулдуктар, түрктөр үчүн маанилүү шаар. Кожа Ахмет Яссауинин шакирттери Анадолуга келип агартуучулук менен алектенишкен. Алар түрк адабият ааламы менен маданий дүйнөсүнө эбегейсиз зор салым кошкону тарыхта жакшы белгилүү. Ошол себептүү, биз улуу ойчулдун туулган жери, касиеттүү Түркестан шаарын руханий борборубуз деп эсептейбиз. Атагы алыска кеткен даңктуу шаар тарыхый калыбына кайра келиптир. Бул өлкөдөн дагы мыкты инсандар чыксын деп тилеймин.