Азыркы тапта Казакстанда жалпы кубаттуулугу 336 мегаваттык 55 кайра жанма энергия объекттери иштейт. Алардын бири Жамбыл облусунда курулган «Бурное» күн электр станциясы. Бул баасы 123 миллион долларды түзгөн Борбор Азиядагы эң ири долбоор. Жалпы сумманын 91 миллионун эл аралык каржы институттары инвестицияласа, калганы долбоор катышуучуларыныкы. Алдыдагы эки жылда Казакстанда дагы бир  күн жана биогаз станциялары салынат. Ошондой эле, жалпы кубаттуулугу 20 МвТ болгон 4 ГЭС курулат. Долбоорлор инвесторлордун жардамы менен ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө Казакстан, Кытай, Орусия, Түркия, БАЭ жана Болгария өлкөлөрүнүн 53 компаниясы соода-сатык аянтына катышкан. Аукциондун жыйынтыгы боюнча 15 компания 15 жылга чейинки келишимге кол коюшкан.

МАХАМБЕТ ДОСМУХАМБЕТОВ, КР ЭНЕРГЕТИКА БИРИНЧИ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Казакстандагы жаздагы соода-сатык корутундусу боюнча Алматы жана Кызылордо облустарында жалпы көлөмү 23 млрд теңгени түзгөн максималдуу кубаттуулугу 63 Мвт болгон 4 күн электр станциясы 2 жыл ичинде ишке ашырылат. Ал эми Акмола, Костанай, Түндүк Казакстан жана Мангыстау  облустарында  үч жыл ичинде кубаттуулугу 105,8 мВттык 10 шамал жана 1 биогаз станциялары ишке кирет.

Азыркы тапта Караганды облусунда күн электр станциясынын курулушу жүргүзүлүүдө. Жалпы баасы 46 миллион доллардык долбоорго инвестияны чет өлкөлүк компаниялар бөлгөн. Адистердин айтымында, Балхаш шаарынан 50 чакырым жерде жайгашкан станция – жайгашкан жери кайра жанма энергия булагын алууга өтө ыңгайлуу. Күн радиациясынын жогорку коэффиценти менен аба ырайынын ачыктыгы бул жерде керектүү температура тизмесине ылайык. Станциянын аянты 100 гектарды түзөт, кубаттуулугу – 40 мвт.

АНАТОЛИЙ ШКАРУПА, КАРАГАНДЫ ОБЛУСУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Станциянын жанынан 110 киловольттук электр желеси өтөт. Күн панелдери өндүрө турган кубат булактарынын баары ошол аркылуу борбордоштурулган станцияга жеткирилет. Бул Жезказган РЭГ электр таратуу желеси.

План боюнча, бардык иштер он айдын ичинде аяктайт. Жетинин айында кубаттуулугу 100 МВт болгон Саран шаарынын жанындагы станциянын монтаждоо иштери аяктайт. Облуста жалпы үч күн станциясы салынып жатат. Маалыматтар боюнча, Казакстанда 2020-жылга чейин инвестициянын жалпы көлөмү 1 трлн теңгеге жеткен, жалпы кубаттуулугу 2 гигаваттык 52 кайра жанма электр объекти колдонууга берилет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии