Астананын 20 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленет. Борбордун туулган күнүнө арналган иш-чаралар Европадан башталды. Австриянын башкы шаарында дипломаттар ортосунда веложарыш өттү. Ага ЕККУ жана БУУнун өкүлдөрү менен чет өлкөлүк элчилер катышты. Дипломаттар бир күнгө классикалык кийимин казактын оймо-чиймелери менен кооздолгон спорттук кийимдерине  алмаштырышты. Иш-чараны колдоо үчүн Венадагы студенттер атайын келишкен. Ал эми, кичинекей катышуучулар Казакстан желегинин сүрөтүн кагаз бетине түшүрүштү. Эрежеге ылайык, спортчулар Дунай айланасындагы шайтан араба жолунда 20 чакырым жерди өтүшү керек эле.

АЛЕССАНДРО АЦЦОНИ, ЕККУнун  ИТАЛИЯДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- 20 чакырым деген оңой эмес экен. Ушундай дипломаттардын башын кошуп, иш-чара өткөрүү абдан мыкты ой деп ойлойм. Мен Астанада болгон эмесмин. Бирок, 2019-жылы кызым экөөбүз бул керемет шаарга барууну көздөп жатабыз. Астанага чын жүрөктөн каалоо-тилектеримди арнайм. 20 жыл деген бул тарыхтын башы гана.

КАЙРАТ САРЫБАЙ, КР АВСТРИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Бүгүн көрүп жатканыңыздай эле жашы да, карысы да бардыгы катышып жатат. Менин оюмча, азыр Астананын бедели дипломатиялык тармакта өтө белгилүү. Бул нерсени бүгүнкү шайтан араба жарышына катышып жаткан адамдардын саны аркылуу билсек болот.

Чет өлкөлүк коноктор  Астананы туулган күнү менен куттукташты. Алардын көбү аталган шаарда болгон эскерүүлөрү менен бөлүшүп, жаш борбордун жетишкендиктерине баа беришти.

БАКЫТ ЖУСУПОВ, КЫРГЫЗСТАНДЫН АВСТРИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Мен Астанада биринчи жолу 2002-жылы болгом. Ал кезде шаардын курулушу жаңыдан башталып жаткан. Шаар алдыңкы заманбап талаптарга ылайык тургузулду. Казак калкын Астананын туулган күнү менен куттуктаймын. Боордош өлкөгө ийгиликтерди каалайм.

АНДРЕАС ШТАДЛЕР, ЕККУнун АВТРИЯДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Шайтан араба жарышы ар түрдүү улут өкүлдөрүнүн башын бириктирди. 20 чакырым жерге 100дөн ашуун адам бирге жетти. Өтө сонун таасир алдым. Белгилей кетсем, Казакстан биздин эл аралык шериктешибиз. Казак элинин майрамы менен куттуктайм. 20 жылдыкты эле эмес, 1000 жылдыкты да бирге белгилейли.

Марафондо достук жеңишке жетти. Бирок, ар бир спортчу сыйлыкка ээ болду. Иш-чаранын алкагында  келүүчүлөргө Астананын жыйырма жылдык тарыхы сунушталды. Чоң экранда шаардын алгачкы курулушунан баштап, Борбор Азиядагы маанилүү шаар болуп калыптануусуна чейинки мезгил көрсөтүлдү.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии